Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 5149-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз, Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-ноябрындагы № 647 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |