Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры № 647
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
131-статьяга:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Коомдун уставы менен директорлор кеңешин түзүү каралышы мүмкүн.».
131-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «2) коомдо директорлор кеңеши жок болгондо, коомдун аткаруучу органынын түзүү жана чакыртып алуу, ошондой эле коомдорду уюштурууда жана жоюуда аткаруучу органды түзүү жана чакыртып алуу».
131-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «коомдун директорлор кеңешин түзүү жана чакыртып алуу» 6) пунктча менен толукталсын.
131-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Коомдун жогорку органынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер ал тарабынан коомдун аткаруучу органына же директорлор кеңешине чечүүгө өткөрүлүп берилбейт.».
2-берене
«Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы №60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«40-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомду башкаруу
«1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу коомдун жогорку органы болуп эсептелет.
2. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдо директорлор кеңеши түзүлүшү мүмкүн. Коомдун директорлор кеңешин түзүү жана ишинин тартиби, анын компетенциялары, ошондой эле директорлор кеңешинин жана мүчөлөрүн дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу, анын ичинде коомдун директорлор кеңешинин төрагасынын компетенциясын дагы ушул Мыйзам жана коомдун уставы менен аныкталат.
4. Директорлор кеңешинин мүчөсү жеке адам гана болот. Директорлор кеңешинде добуш берүүдө директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ болушат.
Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле убакта коомдун аткаруучу органынын (коллегиалдуу же жеке) мүчөсү болбойт.
5. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алар өздөрүнүн милдеттерин аткарган мезгилде сыйакылар төлөнүшү жана (же) алардын өздөрүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрү коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет.
6. Коомду башкаруу органдарынын компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жана коомдун атынан чыгуунун тартиби ушул Мыйзам, башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана коомду уюштуруу документтери тарабынан аныкталат.
7. Төмөндөгүлөр:
1) коомдун уставын өзгөртүү, анын ичинде анын уставдык капиталынын көлөмүн өзгөртүү;
2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана чакыртып алуу (коомдо директорлор кеңеши жок болгондо), ошондой эле коомду уюштуруу жана жоюу учурунда аткаруучу органды түзүү жана чакыртып алуу;
3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдасы менен зыяндарын бөлүштүрүү;
4) коомду кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) коомдун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) шайлоо жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун гана компетенциясына таандык кылынат.
6) коомдун директорлор кеңешин түзүү жана чакыртып алуу.
Коомдун уставында башка маселелерди чечүү да жалпы чогулуштун гана компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун гана компетенциясына таандык кылынган маселелер, алар тарабынан коомдун аткаруучу органынын же директорлор кеңешинин чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес.
8. Коомдун уставы менен каралышы мүмкүн болгондой, директорлор кеңеши бар болгон коомдордо ушул статьянын 7-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн маселелер боюнча катышуучулардын жалпы чогулушу директорлор кеңешинин жылдык отчетторду жана бухгалтердик баланстарды алдын-ала жактыруусунан кийин жана директорлор кеңешинин рекомендациясы бар болгондо коомдун пайдасын жана чыгымдарын бөлүштүрүү чечимин кабыл алат.
9. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун ар бир катышуучусу жалпы чогулушта коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө жараша добуштардын санына ээ болот.
10. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими добуштардын жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүгү, ал эми ушул статьянын 7-пунктунун 1) пунктчасында каралган маселе боюнча добуштардын жалпы санынын үчтөн экиси менен кабыл алынат. Ушул статьянын 7-пунктунун 4) пунктчасында каралган маселе боюнча чечим бардык катышуучулардын бир добуштан чечими боюнча кабыл алынат.
Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучулардын жалпы чогулуштарында чечимдерди кабыл алуунун ушул статьяга салыштырганда башкача тартиби каралышы мүмкүн.
11. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жалпы чогулушта коомдун башка катышуучусуна берүүгө укуктуу.
12. Жалпы чогулушта жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун атынан белгилүү мөөнөткө дайындалган анын өкүлү катыша алат.
13. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу бул тууралу башка катышуучуларга же аткаруучу органга билдирүү менен, ушул статьянын 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ыйгарым укуктарын кандай мезгилде болсо да токтотуп коё алат.»
2. Төмөнкүдөй мазумдагы 402-403статья менен толукталсын
«401-статья. Директорлор кеңешинин компетенциясы
1. Коомдун директорлор кеңешинин компетенциясы ушул мыйзамга ылайык коомдун уставы менен аныкталат. Коомдун директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кириши мүмкүн:
1) коомдун ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана чакыртып алуу (коомду уюштуруу жана жоюу учурларынан тышкары)
3) коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткаруучу орган тарабынын аткарылышын контролдоо;
4) коомдун жеке аткаруучу органын, коомдун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөлөрүн, башкаруучуну сыйлоонун жана акчалай компенсациялоонун өлчөмүн белгилөө;
5) коомдун ассоциацияларга жана коммерциялык уюмдардын башка бирикмелерине катышуусу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
6) коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу;
7) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыруу жана анын пайдасын жана чыгымдарын бөлүштүрүү;
8) Коомдун уставы менен каралган башка маселелер.
Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан добуш берүү укугун, анын ичинде коомдун директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнө өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт.
402. -статья. Коомдун директорлор кеңешин шайлоо
1.Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушул Мыйзамда жана коомдун уставында белгиленген тартипте, жалпы чогулушунун катышуучулар тараптан белгиленген мөөнөткө, коомдун жалпы чогулушунун катышуучуларын добуш берүү менен шайланат.
Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтуп кетсе, ал эми директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткара берет.
Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган адамдар чексиз бир нече ирет кайрадан шайланышы мүмкүн.
Коомдун жалпы чогулушунун катышуучуларын чечими менен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Чакыртып алынган (кетип калган) директорлор кеңешинин мүчөсүнүнүн ордуна директорлор кеңешинин курамына кирген мүчөсүнүн ыйгарым укугу директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн аякталышы менен токтотулат.
Эгерде директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан азыраак болсо, директорлор кеңешинин курамындагы ар кандай өзгөрүү директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен ишке ашырылат.
2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун катышуучусу болбошу мүмкүн, коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга карата коюулуучу талаптар коомдун уставы же коомдун жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши мүмкүн.
3.Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн сан жагынан курамы так болуп, жана 3төн кем жана 7ден көп болууга тийиш эмес коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш.
403.-статья. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы
1. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан өздөрүнүн ичинен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.
Коомдун директорлор кеңеши каалаган учурда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлап алууга укуктуу.
2. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарына чакырат жана ага төрагалык кылат, коомдун жыйналыштарында протоколдун жазылышын уюштурат.
3. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын милдеттерин буга коомдун директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укук берилген директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат.»
3. 41-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында «аткаруучу органынын» деген сөздөрдөн кийин «жана директорлор кеңешинин» деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти