Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 5137-V
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 19-сентябрындагы № 539 токтому) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети (А.Т.Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |