Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5243-V
«2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 27-майындагы № 326-токтому) «2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Жарандык жана коммерцнялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |