Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 326
“Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган, Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча
өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти