Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 5274-V
Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Бюджеттик резолюциясын жана 2017-2018-жылдарга болжолун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы аткарылыш жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2017-2018-жылдарга болжолу жактырылсын (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Бюджеттик резолюциясында жана 2017-2018-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарга жана багыттарга ылайык "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоону камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Жээнбеков |
Долбоор
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 5274-V токтомунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2017-2018-жылдарга болжолу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине ылайык иштелип чыкты.
Бюджеттик резолюциянын долбоору 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (ПЖ 2013-жылдын 21-январы № 11) аныкталган багыттарды, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) киришинин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга Бюджетинин орточо жылдык болжолунун негизги параметрлерин эске алуу менен белгиленген мезгилге мамлекеттик бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын карайт.
Бюджеттик резолюциянын долбоорун түзүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштары эске алынды.
Макроэкономикалык стабилдүүлүккө жетишүү үчүн алдыдагы мезгилге Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясаты, акча-кредиттик саясат жана өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жана милдеттерин турмушка ашыруу төмөнкүдөй макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш:
| 2016 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол |
Номиналдык ИДП, млн. сом | 486492,3 | 544804,1 | 618710,0 |
Реалдуу ИДПнын өсүш темптери, % менен | 3,3 | 4,3 | 5,5 |
Реалдуу ИДПнын өсүш темптери (Кумтөрдү кошпогондо), % менен | 3,1 | 3,8 | 5,6 |
Бюджеттик резолюция алдыдагы жылдарга мамлекеттин бюджетинин төмөнкүдөй артыкчылыктарын аныктайт, ал Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун долбоорун түзүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн багыт болууга тийиш:
1. Бюджеттик-финансылык мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо.
2. Калктын аз камсыз болгон катмарларына берилүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
3. Бюджет аралык мамилелердин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
4. Мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугу.
Бюджеттик-финансылык мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо төмөнкүчө жүзөгө ашырылууга тийиш:
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин кабыл алуу жана колдонууга киргизүү, ал бюджеттик механизмдердин бардык жөнгө салуучу жоболорун жана бардык деңгээлдердеги жол-жоболорду топтоого тийиш;
республикада экономикалык туруксуздук келип чыккан учурда финансылык тобокелдиктерди четтетүүгө багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу;
өлкөнүн экономикасын турукташтыруу үчүн башкаруунун эң жаңы өбөлгөлөрүн өздөштүрүүнү пайдалануу аркылуу ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди улантуу үчүн чараларды көрүү;
2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүшү боюнча программада аныкталган ири инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруу;
жыл сайын айыл чарбалык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү, бул агрардык секторду жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүгө алып келет;
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), КМШнын алкагында тышкы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге жана ДСУга мүчөлүгүн жигердүү пайдалануу, эл аралык экономикалык жана финансылык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү;
алтын казып алуучу "Центерра Голд Инк" компаниясындагы акциялардын мамлекеттик пакетинен республиканын экономикасына алынган кирешелерди көбөйтүү жана аларды өлкө үчүн бюджет түзүүчү маанилүү өндүрүштөрдү инвестициялоого натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу;
төмөнкүлөрдү тездетүү:
- "Жерүй", "Андаш", "Талды-Булак Левобережный", Иштамберды, Бозымчак алтын кендерин өздөштүрүү жана ишке киргизүү жана жаңы кендерди ишке киргизүү процессин;
- чалгындоо иштерин тездетүү жана жаңы газ жана нефть кендерин өздөштүрүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен ишти жана "Джунда" нефть иштетүү заводун долбоордук кубаттуулукка чыгарууну;
- Камбар-Ата ГЭС-1ди кура баштоону жана Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүүнү;
- ГЭСтин Жогорку-Нарын каскадын (4 ГЭС) куруунун жүрүшүн;
баалуу металлдарды камтыган кен материалдарын республиканын тоо-кен тармагынын ишканаларында кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн имараттарын куруу жана реконструкциялоо маселелерин биргелешкен ишканалар менен бирдикте чечүү;
заманбап лабораториялык изилдөөлөрдү аткаруу үчүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Борбордук лабораториясын кайра жабдуу;
төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү:
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансында жаратылыш газынын жана башка энергия ресурстарынын ролун аныктаган 2030-жылга чейинки республиканын энергетикалык стратегиясын;
- 2030-жылга чейин пландаштыруу горизонту менен шаарлардын башкы пландарын жана облустарды аймактык пландаштыруунун схемаларын;
- Кыргыз Республикасынын шаарларын жылуулук менен жабдуу схемаларын;
отун жана чийки зат катарында жаратылыш газын пайдаланган өнөр жай жана энергетика объекттерин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын түзүү жана бекитүү;
ата-мекендик таш көмүр ишканаларынын казып алуусунун көлөмүн көбөйтүү жана аларды ата-мекендик керектөөчүлөрдүн бардык чөйрөлөрүндө пайдалануу, ошонун өзү менен Бишкек шаарынын ТЭЦине жана республиканын социалдык тармагынын объекттерине Казакстан таш көмүрүн ташып келүүнү жокко чыгаруу;
"CASA-1000" долбоорун турмушка ашыруу аркылуу электр энергиясынын Борбордук-түштүк-азиялык региондук рыногун түзүү боюнча иштерди улантуу;
таш көмүрдү газдаштыруу технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгү менен Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруунун ТЭОсун иштеп чыгуу үчүн инвестицияларды издөө;
экологиялык жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен кыргыз таш көмүрүн пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Бишкек ТЭЦ-1ди реконструкциялоо, анын кубаттуулугун көбөйтүү жана от казандарын өркүндөтүү;
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (АСКУЭ) орнотуу менен энергетика секторун өнүктүрүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жарандардын аз камсыз болгон категорияларын толук көлөмдө энергия менен жабдуу боюнча социалдык колдоого чыгымдарды финансылоону камсыз кылуу;
коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү механизмдерин киргизүү.
Калктын аз камсыз болгон категорияларына берилүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүү аркылуу турмушка ашырылат:
төмөнкүлөрдү өркүндөтүү:
- калктын корголбогон катмарларын сапаттуу социалдык кепилдиктер менен камсыз кылууну, базалык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүккө жетишүү үчүн ар айдагы жөлөкпулдардын даректүүлүгун күчөтүүнү;
- калктын ар кандай категориялары келечекте бирдей өлчөмдөгү пенсияга жетишүүсү үчүн мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасын;
- пенсиялардын өлчөмдөрүн индексациялоо саясатын;
топтоо компонентинин инвестициялык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өлкөнүн экономикасын стимулдаштыруу үчүн пенсиялык топтоолорго натыйжалуу салым кошуу;
аманатчыларга ишенимдүү кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
кирешесинин деңгээли орточо болгон калк үчүн социалдык ипотеканы финансылоо механизмин киргизүү;
республиканын сот бийлигинин бюджеттерин толук финансылоону камсыз кылуу менен сот имараттарын жаңылоо жана жаңыларын талаптарга ылайык тиешелүү инфраструктурасы менен куруу;
өлкөдө туризмди, анын ичинде анын кышкы түрлөрүн өнүктүрүү;
окутуунун мектептеги жана мектепке чейинки формаларын реформалоо, билим берүү объекттерин, спорт объекттерин эл аралык стандарттар боюнча курууну аяктоо, Бишкек шаарында 3 мектепти жана 5 мектепке чейинки мекемени курууну тизмеге киргизүү, заманбап компьютердик жабдуу менен камсыз кылуу, тиешелүү окуу-усулдук комплекстерди, окуу адабиятын иштеп чыгуу жана басып чыгаруу;
тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана оңдоо, китепканаларды, архивди, балдар музыкалык мектептерин, маданий объекттерди, кинотеатрларды баштан-аяк оңдоо жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу;
чек арага жакын райондорду өнүктүрүү жана мамлекеттик чек араларды чыңдоо, бул аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу.
Бюджеттер аралык мамилелердин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу төмөнкүлөрдү талап кылат:
жергиликтүү өз алдынча башкарууларда бюджеттик процессти уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун мониторинг системасын турмушка ашырууну жана сапатына баа берүүнү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү жана тармактык ченемдик укуктук актыларга карата анын үстөмдүгүн камсыз кылууну;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тиешелүү финансылык чыңдоо болмоюнча алардын функцияларын негизсиз кеңейтүү практикасын жокко чыгарууну;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялык жана аймактык аспекттерин өркүндөтүүнү;
жалпы мамлекеттик салыктардын үлүшүн этап-этабы менен көбөйтүүнүн же бириндетүүнү жокко чыгаруунун жана аларды жергиликтүү бюджеттердин башка салыктарынын курамына киргизүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелүү потенциалын күчөтүүнү;
муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү стимулдаштырган механизмдерди иштеп чыгууну, ошондой эле шаарлардын жана айылдардын экономикасын өнүктүрүү үчүн ишкерликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн мамлекеттик колдоону;
өнүктүрүүнүн колдо болгон спецификасын жана артыкчылыктарын эске алуу менен өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү стратегияларын (программаларын) иштеп чыгууну жана турмушка ашырууну.
Мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу төмөнкүлөр аркылуу жетишилүүгө тийиш:
мамлекеттик карыздын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кыйшаюусуз саясатты жүргүзүү, кредиттерди, анын ичинде гранттык элементтердин үлүшүн алда канча жеңилдетилген шарттарда алууга умтулуу, АКШ долларынын курсунун өзгөрүшүнүн таасиринен келүүчү тобокелдикти төмөндөтүү;
грант түрүндөгү тикелей инвестицияларды жана тышкы жардам каражаттарын тартуу саясатын кеңейтүү;
социалдык багыттардын жана алардын өзүн акташынын натыйжасы төмөн долбоорлордун санын кыскартуу менен кредиттердин эсебинен жүзөгө ашырылуучу долбоорлордун негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун системалык талдоону жүргүзүү;
кредиттик долбоорлорду канааттандырарлыксыз турмушка ашыруу үчүн жоопкерчилик даражасын күчөтүү боюнча чараларды көрүү;
социалдык багыттагы кредиттик долбоорлорду турмушка ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалыгын камсыз кылуу жана жоопкерчилигин жогорулатуу;
мамлекеттик карызды тейлөө, карыз саясатын аныктоонун жана аны турмушка ашыруунун жаңы технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү саясатын оптималдаштыруу.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетин жана 2017-2018-жылдарга болжолун түзүү жана кабыл алуу ушул Бюджеттик резолюцияда каралган параметрлерди жана негизги милдеттерди эске алуу менен чечилүүгө тийиш.