КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 5271-V
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 2-июнундагы № 340 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2015-жылга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
республикалык бюджеттин кирешелери жалпы суммасы 111531392,2 миң сом өлчөмүндө, ИДПга карата алганда 25,4 пайыз салыштырма салмакта;
республикалык бюджеттин чыгашалары жалпы суммасы 136858499,1 миң сом өлчөмүндө, ИДПга карата алганда 31,1 пайыз салыштырма салмакта;
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын эң жогорку өлчөмү 25327106,9 миң сом өлчөмүндө, ИДПга карата алганда 5,8 пайыздык салыштырма салмакта жана аны жабууга финансылоонун ички жана тышкы булактарынан 25327106,9 миң сом каражат жумшалсын.
Төрага | А. Жээнбеков |