КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 5254-V
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- Эсептөө палатасынын талабы боюнча керектүү маалыматтарды же документтерди өз убагында берүүдөн баш тарткан, ошондой эле анын эскертмелерин аткарбаган кызмат адамдарынын административдик жана жазык жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушту эки жумалык мөөнөттө киргизсин;
- Эсептөө палатасынын эскертмелеринин аткарылышынын абалы жана аныкталган финансылык тартип бузууларды министрликтер жана ведомстволор тарабынан калыбына келтирүү жөнүндө маалыматты жылына эки жолудан көп эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтсүн;
- аудиттин эл аралык стандарттарын күнүмдүк практикада жайылтуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууну улантсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесинде каралган объекттерде мамлекеттин финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга аудит жүргүзүүнү карасын;
- республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзгөндө курулушка, бүткөрүлө электерин кошкондо объектилерди курууга, реконструкциялоого капиталдык салымдарды натыйжалуу пайдаланууну чагылдырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Эсептөө палатасынын эскертмелеринин аткарылышы жана аныкталган финансылык тартип бузууларды министрликтер жана ведомстволор тарабынан калыбына келтирүү жөнүндө маалыматты жыл ичинде эки жолудан көп эмес карасын жана ал боюнча тиешелүү иш-чараларды кабыл алсын;
бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 40 кошумча штаттык бирдигин каржылоо жөнүндө маселени чечсин.
Төрага | А. Жээнбеков |