Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 4-сентябры № 546
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын турмушка ашыруу тууралу
"Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик улуттук уииверситетинин Талас филиалынын, Кыргыз агрардык академиясынын Талас филиалынын жана Талас айыл чарба техникумунун базасында башкы мекемеси Талас шаарында жайгашуу менен Талас мамлекеттик университети (ТМУ) түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда саналган билим берүү мекемелеринин негизги фонддорун, транспорт каражаттарын, финансылоо көлөмүн жана материалдык-техникалык каражаттарын 2000-жылдын 25-июлундагы абал боюнча Талас мамлекеттик университетинин балансына акысыз тартипте өткөрүп берсин. 3. Талас областтык мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө Талас мамлекеттик университетинин администрациясын имарат, зарыл коммуникациялык кызматтар жана каражаттар менен камсыз кылсын, анын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө ар тараптан жардам көрсөтсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги бир айлык мөөнөттө: - Талас мамлекеттик университетинин уставын белгиленген тартипте бекитсин; - университетти материалдык, кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин; - университеттин кызмат орундарынын тизмесин бекитсин, кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын аныктасын; - керектөөнү жана актуалдуулукту эске алуу менен Талас мамлекеттик университетинде кадрларды даярдоонун багытын жана адистигин аныктасын. 5. Талас мамлекеттик университетин финансылоо базалык окуу жайларына бөлүнгөн каражаттардын чектеринде жана Талас областтык мамлекеттик администрациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги аркылуу жүзөгө ашырылсын. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Талас мамлекеттик университетине биринчи курска 2000-2001-окуу жылына бюджеттик негизде 50 орун көлөмүндө студенттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруу үчүн кошумча каражаттарды бөлсүн. 7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигине жүктөлсүн.
|