Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 5447-V
"Кумтор" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомунун негизги пункту аткарылган эмес, анда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү бир айлык мөөнөттө аяктоо жана "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону жүзөгө ашыруу боюнча Макулдашуу долбоорунун акыркы вариантын сунуш кылуу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү муну "Центерра Голд Инк." компаниясы бир катар кабыл алууга болбой турган төмөнкүдөй шарттарды коюп жаткандыгы менен түшүндүрөт:
-экологияга келтирилген зыян боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууну өтүнөт;
-рекультивациялык фондго зарыл болгон сумманы карагысы келбейт;
-биргелешкен ишкана түзүүдө оффшордук компания менен кызматташууну сунуштайт.
Мындан сырткары, "Кумтөр" компаниясынын менеджменти тарабынан иштелип чыккан тоо-кен иштеринин жаңыланган планы боюнча маалыматтардан улам келип чыккан жаңы шарттар бар. Атап айтканда, кен жаткан жердеги алтындын корун 50 тоннага азайтуу; карьердеги капиталдык чыгымдарды 92 миллион АКШ долларына көбөйтүүнү пландаштырууну, алтындын наркын бир унициясына 100 АКШ долларына көбөйтүү. Мындан көрүнүп тургандай, 2026-жылга чейин төлөнүүчү салыктар 1,14 миллиард АКШ долларынан 885 миллион АКШ долларына чейин кыскарышы, таза акчалай агымдар 1 миллиард 741 миллион АКШ долларынан 944 миллион АКШ долларына чейин азайышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө эки гана вариант -өндүрүштү токтотуу же "Центерра Голд Инк." менен кенде ишти улантуу жана биздин шартыбыз менен долбоорду реструктуризациялоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү бар деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын мартында "Centerra Gold Inc." компаниясы тарабынан жарыяланган "Кумтөр" кенинин эксплуатациялоонун кайра каралган планында алтындын запасын тастыктоо жана тактоо бөлүгүнө экспертиза жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп берген шарттарды камсыз кылуу менен "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну зарыл деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер – министри Т.Сариевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
"Centerra Gold Inc." компаниясы тарабынан 2015-жылдын мартында жарыяланган "Кумтөр" кенинин эксплуатациялоо планында кайра каралган алтындын запасын тастыктоо жана тактоо бөлүгүнө алдын ала экспертиза жүргүзүлсүн;
- жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү, өнөр-жай коопсуздугун сактоо жана өзгөчө борттун туруктуулугу бөлүгүндө, кең байлыктарга жетүүнүн жана карьердин инфратүзүмдөрүн сактоону толук камсыз кылуу менен «Кумтөр» кенинде өндүрүш ишинин үзгүлтүксүздүүлүгүн камсыз кылсын;
- мамлекетке келтирилген экономикалык жана экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышы тууралуу 2015-жылдын 1- октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча (К.Ж. Рыснаев), Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча (Н.В. Никитенко), Эл аралык иштер боюнча (К.К. Иманалиев), Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча (С.К. Нышанов), Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча (К.С. Самаков), Бюджет жана финансы боюнча (К.С. Дыйканбаев) комитеттерине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |