Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-февралы № 4841-V
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо жактырылгандан кийин тараптар 2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоонун шарттары тууралуу Макулдашууда баяндалган келишимдерди ишке ашыруу боюнча андан кийинки кадамдарды талкуулашкан жана Кыргызстандын адистеринин жана эксперттеринин, канадалык компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен АМЕС эл аралык компаниясынын эксперттерин тартуу аркылуу экологиялык жана тоо-техникалык маселелер боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашкан.
2014-жылдын апрель айынын аягында Кыргызстанда "Центерра Голд Инк" компаниясынын президенти Ян Аткинсон катышпай, "Центерра" компаниясынын башкы юрист консультанты Ф.Херберт жетектеп келген "Центерра" компаниясынын делегациясы менен жолугушуулар болгон. Кийин, 2014-жылдын август айы башталганга чейин, көптөгөн чакырууларга карабастан, "Кыргызалтын" ААКнын башкармасынын төрагасы Д.Жапаровго карата кылмыш ишинин козголгондугуна жана анын кармалгандыгына байланыштуу "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин тыюу салгандыгына шылтоо кылып "Центерра" компаниясынын делегациясы Кыргыз Республикасына келүүдөн баш тарткан.
Бул мезгилде "Центерра" компаниясы менен болгон сүйлөшүү процесси электрондук почта жана "SKYPE" видеоконференциясы боюнча жүргүзүлүп, алар 2014-жылдын 18-январындагы жогоруда аталган Макулдашуудан келип чыккан документтердин долбоорлорун макулдашууда сезилээрлик натыйжаларды берген эмес.
Сентябрь жана октябрь айларында "Кыргызалтын" ААКнын өкүлдөрүнүн, кыргыз тарабынын - "Pricewaterhouse Coopers" компаниясынын, "DLAPiper" жана "Colibri Law" юридикалык компанияларынын эл аралык консультанттарынын "Центерра" компаниясынын юристтери жана консультанттары менен консультациялары тикелей видеоконференциялар аркылуу өткөрүлгөн. Алардын жыйынтыктары боюнча 2014-жылдын 14-октябрында "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндө Макулдашуунун долбоору даярдалган.
"Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндө Макулдашууга мамлекеттик органдардан бардык сын-пикирлер жана сунуштар алынгандан кийин "Кыргызалтын" ААКнын алдындагы эксперттик топ тарабынан эл аралык жана улуттук консультанттар - "DLAPiper" жана "Colibri Law" компанияларынын катышуусунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун бардык сын-пикирлери жана сунуштары эске алынуу менен долбоордун бирдиктүү варианты иштелип чыккан, ал 2014-жылдын 4-ноябрында тиешелүү комментарийлер менен "Центерра" компаниясына жөнөтүлгөн.
2014-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болуп, "Центерра" компаниясынын позициялары угулган жана реструктуризациялоонун чечүүчү маселелери жана сүйлөшүү процессин алдыга жылдыруу үчүн чечүүнү талап кылган пикир келишпөөчүлүктөр боюнча кыргыз тарабынын позициясы айтылган. Атап айтканда, "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү компания мындан ары да "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндө бирдиктүү Макулдашууну иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүү процессин улантууну колдой тургандыгын, анткени "Центерра" компаниясынын башка акционерлеринин жана канада тарабынын "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону жактыруу жана бекитүү боюнча Онтарио провинциясынын сотунун позициясы буга көз каранды экендигин айтышкан.
"Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуунун долбоорунун талаш жоболору боюнча сүйлөшүүлөр жана тараптардын позицияларын талкуулоо видеоконференциялар аркылуу Москва шаарында 2015-жылдын 3-февралынан 6-февралында өттү.
Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө төмөнкү маселелерге жетишүүгө мүмкүн болбогонун белгилеп кетүү керек:
- башкаруучу компаниянын иш милдеттерин "Центерра Голд Инк." компаниясына 3 жылдан ашпаган мөөнөткө жүктөө, кийин башкаруучу компанияга эл аралык стандарттар боюнча конкурстук тандоо жүргүзүү;
- "Кумтөр" кенин жер алдында иштетүү ыкмасы менен башка операторго өткөрүү, ошондой эле уулуу заттар сакталган жайлардан алтынды бөлүп алуу мүмкүнчүлүгүн жана укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү мөөнөттөрүнүн кыскартылышы;
- "Центерра Голд Инк." компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКсынын акцияларынын пакетине ылайык 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясынын кирешелеринен "Кыргызалтын" ААКсынын атайын дивиденддерди алуусу;
- "Кумтөр" долбоорунда "Центральный" участкасын гана иштетүү.
Азыркы учурда тараптар негизги (алкактык) Макулдашуу болуп эсептелген "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуунун долбоорунун жоболорун макулдашууну жүргүзүшүүдө, ага ылайык кошумча документтер даярдалат.
Анын тизмегине болжолдуу түрдө төмөнкүлөр киргизилген:
- Операциялык макулдашуу;
- БИнин акционерлеринин макулдашуусу;
- БИнин уставы (ККнын кайра каралган уставы);
- Варранттар жөнүндө макулдашуу;
- Талаштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу;
- Кайра уюштуруу жөнүндө келишимдин планы;
- Жабдууларды ижарага алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу.
2015-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин Торонто шаарында "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, ушундан кийин "Центерра" компаниясынын делегациясы тиешелүү нускамаларды алып, негизги документ - "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу боюнча макулдашууларды аяктоо үчүн Бишкек шаарына келээри күтүлгөн, бирок бүгүнкү күнгө дейре Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эч кандай билдирүү болгон жок.
Канадалыктар менен жетишүүгө мүмкүн болгон бардык макулдашуулар техникалык мүнөзгө гана ээ, ал эми сүйлөшүү процессин аягына чыгаруу мөөнөтү жөнүндө айтуу али эрте.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү узак мезгилдин аралыгында "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышына жетише албагандыгын, ал эми канадалык компания 2009-жылдын 24-апрелиндеги макулдашуунун шарттары боюнча ыңгайлуу шартта иштеп, бул макулдашуу аларга жыл сайын ири киреше алып келип жаткандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаев "Кумтөр Голд компани" ЖАКнын мүлкүн негизги каражаттар, өндүрүштүк активдер, финансы активдери, материалдык эмес активдер түрүндө улутташтыруу, анын ичинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууга байланыштуу "Кумтөр" кен чыккан жерин концессия укугун алуу максатында "Кумтөр Оперейтинг компани" ЖАКга, "Кумтөр Голд компани" ЖАКга таасир тийгизүү формасы катары "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгелеген.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын камсыз кылууну эске алуу менен "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү бир айлык мөөнөттө аяктасын жана "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуунун акыркы долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 16-мартына чейин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата расмий корутунду берсин жана ушул мыйзамдын долбоорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан зарыл эсептерди жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча (К.Ж.Рыспаев), Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча (Н.В.Никитенко), Эл аралык иштер боюнча (К.К.Иманалиев), Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча (С.К.Нышанов), Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча (К.С.Самаков), Бюджет жана финансы боюнча (К.С.Дыйканбаев) комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |