Редакцияот 29.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 29-июну № 5404-V

2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктуна ылайык 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ф.З.Жамашеванын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөндөгү чараларды кабыл алуу сунуш кылынсын:

бардык соттордо жарандарды туруктуу кабыл алууну жана даттануулар менен арыздарды объективдүү кароону камсыз кылуу боюнча;

бекем тартиптүү, жогорку жоопкерчиликте, судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин өз ишин баалоодо өзүн-өзү сын көз менен кароону жана талап кое билүүнү камсыз кылуу боюнча;

"2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программанын алкагында каралган иш-чараларды толук жана өз учурунда аткаруу боюнча;

"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча.

 

Төрага

А. Жээнбеков