Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-ноябры № 56-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, штабдын жетекчиси Т.А.Сариевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 2015-жылдын 26-октябрындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" № 319 токтомунда каралган көлөмдөн бюджеттик уюмдар тарабынан - 151,2 миң тонна (110,33%), республиканын калкы тарабынан - 563,833 миң тонна (112%) даярдалган. Бишкек шаарынын ЖЭБне 416,365 миң тонна (57,7%), анын ичинде импорттук - 415,741 миң тонна, жергиликтүү - 1,624 миң тонна көмүр даярдалып, анын калдыгы 307,06 миң тоннаны түзөт. Жагылуучу мазуттун запасы 5,013 миң тоннаны түзөт. Ош шаарынын ЖЭБинде жагылуучу мазуттун запасы - 16,447 миң тоннаны түзөт. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси (мындан ары - КТКБнын МИси) 43,31 миң тонна көмүр (121,3%), 12,05 миң тонна (114,7%) жагылуучу мазут, "Бишкекжылуулукэнерго" КИси 9,3 миң тонна (115%) көмүр даярдаган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - КР ИИМ) мекемелери боюнча бул максаттарга финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу отун даярдоо деңгээлинин артта калгандыгын белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан КР ИИМи үчүн 7940,5 миң сом каралса, ошол эле учурда 16318,7 миң сом суммасына келишим түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы боюнча көмүр даярдоо тендердик жол-жоболорду кайталап өткөрүү жана көмүр коюучулар менен келишимдерди кечигип түзүү себеби боюнча пландык көрсөткүчтөрдөн артта калып жатат.
Республикага жаратылыш газы "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы, "GazpromSchweizAG" жана "Кыргызмунайзатгаз" ААКсы менен түзүлгөн контракттарга ылайык берилет. 2015-жылдын 1-январынан тартып республиканын керектөөчүлөрү үчүн 194,4 млн. куб.метр жаратылыш газы берилип, алардын ичинен жогоруда көрсөтүлгөн газ берүүчүлөр менен тиешелүүлүгүнө жараша - 31,8 млн. куб.метр; 159,1 млн. куб.метр жана 3,5 млн. куб.метр газ берилген. Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрына карата жаратылыш газы үчүн бюджеттик жана өнөр жай керектөөчүлөрүнүн карызы 796,92 млн. сомду түзгөн.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2015-жылдын 27-октябрына карата абал боюнча 12,93 млрд. куб.метрди түзгөн, ал эми 2015-жылдын 1-апрелине карата бул көрсөткүч 6,41 млрд. куб.метрге жеткен.
2015-жылдын 9 айынын ичинде электр энергиясын импорттоо 710,3 млн. киловатт саат (анын ичинде Казакстан Республикасы менен өз ара алмашуунун алкактарында 162,97 млн. киловатт саат) жүзөгө ашырылган, бул пландагыдан 423,8 млн. киловатт саатка (37,4%) аз жана 2014-жылдын тиешелүү мезгилиндеги көрсөткүчтөн 424,2 млн. киловатт саатка (148,2%) көп.
2015-жылдын июнь-сентябрь айларында өз ара алмашуунун алкактарында Казакстан Республикасына экспорттолгон электр энергиясынын көлөмү 250,8 млн. киловатт саатты түзгөн. 2015-жылдын 27-октябрындагы абал боюнча Казакстан Республикасынан электр энергиясын кайтарып алуу көлөмү 239,2 млн. киловатт саатты түзгөн.
2015-жылдын 9 айынын ичинде "Электр станциялары" ААКсынын электр энергиясын өндүрүү көлөмү 8948,7 млн. киловатт саатты, анын ичинде ЖЭБде - 1357,1 млн. киловатт саатты, ГЭСтерде - 7475,0 млн. киловатт саатты түзгөн, бул пландагыдан 116,6 млн. киловатт саатка жана 2014-жылдын тиешелүү мезгилиндеги көрсөткүчтөн 1860 млн. киловатт саатка аз.
Бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын (мындан ары - БЭК) тармактарындагы электр энергиясынын жоготуулары 2015-жылдын январь-сентябрь айларында (13,9%) 1067,5 млн. киловатт саатты түзгөн. Бул белгилеген ченемден (13,6%) 0,3%га көп. 2014-жылдын ушул эле мезгилинде жалпы жоготуулар 14,8%ды түзгөн.
2015-жылдын октябрындагы абал боюнча керектөөчүлөрдүн БЭКтин алдындагы карызы 1391,1 млн. сомду түзүп, 2015-жылдын башталышына карата 143,3 млн. сомго же 9,3%га азайган.
"Чыгышэлектро" ААКсы боюнча дебитордук карыздардын өсүшү 30,0 млн. сомго (9,4%) байкалат.
2015-жылдын 1-октябрына карата керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик уюмдардын дебитордук карызы 298,7 млн. сомду, анын ичинде республикалык бюджет боюнча - 97,0 млн. сомду, жергиликтүү бюджеттер боюнча - 74,2 млн. сомду, "КТКБ" МИси боюнча - 127,5 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан финансы каражаттарынын өз учурунда бөлүнбөгөндүгүнөн улам БЭКтер бюджеттик керектөөчүлөргө туумдарды чегерүүгө муктаж болуп, алар 2015-жылдын октябрына карата 316,7 млн. сомду түзгөн жана жылдын башталышына карата 44,8 млн. сомго өсүп кеткен.
2015-жылдын апрель-сентябрында "Ошэлектр" ААКсы тарабынан Ош областы боюнча электр энергиясынын лимиттери ашыкча (10,5 млн. киловатт саат) колдонулууга жол берилген.
БЭКтин маалыматы боюнча, 2015-жылдын январь-сентябрь айларындагы авариялык өчүрүүлөрдүн саны 6/10 киловаттык тармактарда 5943тү түзгөн жана өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 836 өчүрүүлөргө же 12,3%га азайган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык "Түндүкэлектр" ААКсында Бишкек шаары боюнча 2015-жылдын 22-октябрындагы абалга карата электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-ченөө тутумунун (мындан ары - ЭЭКЭАМТ) 45000 бирдигинин ичинен 34537 бирдиги, анын ичинде турмуш-тиричилик боюнча - 27273, өнөр жай жана башка абоненттер боюнча - 7264 бирдиги орнотулган.
2015-жылдын 1-октябрына карата "Бишкекжылуулуктармактары" ААКсы тарабынан Бишкек шаары боюнча 91513,12 миң сом суммасына (79,1%) жылуулук тармактарынын оңдоп-түзөө иштери, анын ичинде 75089,5 миң сомго (78,6%) жылуулук механикасынын жабдуулары жүзөгө ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген маалыматты эске алып жана 2015-2016-жылдары жылытуу мезгилинен туруктуу өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн отун даярдоо боюнча бюджеттик уюмдарды каржылоо маселесин учурдагы жылдын аягына чейин чечсин;
- керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик уюмдар тарабынан карыздардын толук көлөмдө төлөнүшүн өз учурунда камсыз кылсын;
- министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графигинин аткарылышын, керектелген электр энергиясынын жана кубаттуулуктардын белгиленген лимиттеринин бөлүнгөн каражаттардын алкактарында сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн карыздардын өз мезгилинде жоюлушун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чектеринде 2015-жыл үчүн бийик тоолуу райондордун жашоочуларына компенсациялык каражаттарды квартал боюнча өз учурунда бөлүүнү камсыздасын;
- Бишкек шаарынын ЖЭБнин аянтында болгон 618,6 тонна көлөмүндөгү Казакстан Республикасынын Кулан жеринен алып келинген радиактивдүү көмүрдү утилдештирүү жөнүндө маселени 2015-2016-жылдары күз-кыш мезгили аяктаганга чейин чечсин;
- өз мезгилинде каржыланбагандан улам түзүлгөн бюджеттик уюмдардын керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн жаза пул санкцияларын жана туумдарын реструктуризациялоону 2015-2016-жылдары күз-кыш мезгили аяктаганга чейин жүргүзсүн;
төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карасын:
- Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн импорттолуучу отун ресурстарын (көмүр, жаратылыш газы, жагылуучу мазут) үчүн акы төлөөлөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында;
- Таш-Көмүр шаарынын көмүр ишканаларынан Бишкек шаарынын ЖЭБине катуу отун коюу;
- Ош шаарынын ЖЭБин катуу отунга которуу.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлиги:
- 2015-2016-жылдары күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштөөсүн жана керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылсын;
- электр энергиясын керектөөчүлөрдү авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын ЖЭБине ата мекендик көмүр кесиндилеринен көмүр коюу графигин аткаруу боюнча тез арада чараларды көрсүн;
- электр үнөмдөө жана электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу боюнча иштерди туруктуу жүргүзүп турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Ж.Рыспаев) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага орун басары | Н.Алимбеков |