Редакцияот 26.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 26-ноябры № 57-VI

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2011-жылдын 14-июнундагы № 313 токтому) "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринардык дары-дармек каражаттары борбору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде ветеринардык дары-дармек каражаттарын каттоодон, сертификациялоодон жана экспертизалоодон келип түшкөн бардык каражаттар республикалык бюджетке түшүрүлүүгө тийиш.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков