КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № 67-VI
"Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун узундугу 104 километр участогун реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун узундугу 23,027 километр участогун капиталдык ремонттоо, малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун кароо жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 369-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун узундугу 104 километр участогун реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун узундугу 23,027 километр участогун капиталдык ремонттоо, ошондой эле 2203832 (эки миллион эки жүз үч миң сегиз жүз отуз эки сом) суммасындагы АКШ долларына малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлерди (сатып алууларды) (мындан ары - жогоруда көрсөтүлгөн тендерлер) өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан мыйзамдардын сакталбагандыгы, катышуучуларга өткөрүү шарттары жана талаптар бирдей камсыздалбагандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине келип түшкөн даттанууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жогоруда көрсөтүлгөн тендерлерге катышкан жеке ишкерлердин ортосунда түзүлгөн чыр-чатак кырдаалын талдоо жана чечүү максатында төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
К.К.Исаев - "Кыргызстан" депутаттык фракциясы;
Ж.К.Акаев - "КСДП" депутаттык фракциясы;
Ө.Ч.Текебаев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясы;
А.О.Узакбаев - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы;
Т.Т.Мамытов - "Республика - Ата Журт" депутаттык фракциясы;
К.М.Жумалиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясы;
У.К.Жылкыбаев;
Г.С.Молдобекова;
И.И.Матраимов - "КСДП" депутаттык фракциясы;
М.Э.Сабиров;
Т.Г.Тиллаев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясы;
К.С.Нурматов - "Кыргызстан" депутаттык фракциясы.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 369-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссияга төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн тендерлердин алкактарында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун иликтөө;
- комиссиянын иши аяктаганга чейин жогоруда көрсөтүлгөн тендерлерде жеңип чыккан катышуучулар тарабынан тиешелүү иштердин аткарылышын токтотуп турууну камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо;
- өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө 2016-жылдын 4-майга чейин мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 369-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |