КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 369-VI
"Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун узундугу 104 километр участогун реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун узундугу 23,027 километр участогун капиталдык ремонттоо, малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун кароо жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 67-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун узундугу 104 километр участогун реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун узундугу 23,027 километр участогун капиталдык ремонттоо, малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун кароо жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 67-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Тендерлерге катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жеке ишкерлердин ортосунда түзүлгөн чыр-чатактуу кырдаалды чечүү боюнча убактылуу комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттары киргизилсин:
У.К.Жылкыбаев
Г.С.Молдобекова
И.И.Матраимов - "КСДП" депутаттык фракциясы;
М.Э.Сабиров
Т.Г.Тиллаев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясы;
К.С.Нурматов - "Кыргызстан" депутаттык фракциясы.
2. 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "4-февралга чейин" деген сөздөр "4-майга чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |