Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 3-сентябры № 2005-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине акчалай сыйлык берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгынын 16 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине бир айлык эмгек акы өлчөмүндө (маяна, үстөктөр жана сыйакылар) акчалай сыйлык берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2007-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кийин өзгөртүүлөр киргизүү менен кошумча каражаттарды бөлүп берсин.
3. Акчалай сыйлыкты эсептөөнү, чегерүүнү жана төлөп берүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына (А.Абдумомунов) тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |