ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 2005-III «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине акчалай сыйлык берүү жөнүндө» токтому

Редакция03.09.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 3-сентябры № 2005-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине акчалай сыйлык берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгынын 16 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына жана референттерине, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармасынын жана гаражынын кызматкерлерине бир айлык эмгек акы өлчөмүндө (маяна, үстөктөр жана сыйакылар) акчалай сыйлык берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2007-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кийин өзгөртүүлөр киргизүү менен кошумча каражаттарды бөлүп берсин.

3. Акчалай сыйлыкты эсептөөнү, чегерүүнү жана төлөп берүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына (А.Абдумомунов) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Султанов