Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 4-сентябры № 2009-III
Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-статьясынын 5-пунктуна ылайык мыйзамдарды, мамлекеттик башкаруу органдарынын чечимдерин жана өз чечимдерин түздөн-түз ишке ашыруу максатында жергиликтүү кеңештер өздөрүнө отчет берүүчү аткаруу органдарын түзөт. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын жетинчи абзацына ылайык айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары болуп саналат.
Мына ушуга байланыштуу дайындалган айыл өкмөт башчыларын шайлоо колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет.
Жогоруда баяндалганга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2007-жылдын 24-июлундагы УП N 350 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жокко чыгаруу сунуш кылынсын.
Төрага | М.Султанов |