ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №2009-III «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө» токтому

Редакция04.09.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 4-сентябры № 2009-III

Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-статьясынын 5-пунктуна ылайык мыйзамдарды, мамлекеттик башкаруу органдарынын чечимдерин жана өз чечимдерин түздөн-түз ишке ашыруу максатында жергиликтүү кеңештер өздөрүнө отчет берүүчү аткаруу органдарын түзөт. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын жетинчи абзацына ылайык айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары болуп саналат.

Мына ушуга байланыштуу дайындалган айыл өкмөт башчыларын шайлоо колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет.

Жогоруда баяндалганга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2007-жылдын 24-июлундагы УП N 350 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жокко чыгаруу сунуш кылынсын.

 

Төрага

М.Султанов