ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-декабрындагы №35-IV «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция25.12.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 25-декабры № 35-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 143-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр шайлансын:

Зайнидин Карпекович Курманов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагалыгына;

Автандил Анисович Арабаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин терагасынын орун басарлыгына;

Лейла Чынтургановна Сыдыкова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагалыгына;

Асанбек Байдөлөтович Байтиков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Хаджимурат Зулкарнаевич Коркмазов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына,

Эрик Сайдалиевич Арсалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эларалык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагалыгына;

Кабай Жабаевич Карабеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эларалык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Аскарбек Алимбаевич Шадиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына;

Максат Касымжанович Кунакунов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Улугбек Зулпукарович Ормонов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөржайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына;

Нарынбек Молдобаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөржайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Юрий Анатольевич Данилов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына;

Сергей Мухамедович Ибрагимов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Жусупжан Амражанович Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагалыгына;

Раиса Васильевна Сидоренко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Аскар Мааткабылович Салымбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагалыгына;

Кубанычбек Ниязович Жолдошев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Николай Иванович Байло - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагалыгына,

Зиядин Исламович Жамалдинов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Иса Шейшенкулович Өмүркулов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына;

Галина Александровна Куликова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Орзубек Пулетович Назаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитетинин төрагалыгына;

Чолпон Галийаскеровна Абдуллаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;

Алишер Ахмедович Сабиров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына;

Динара Автандиловна Молдошева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына.

 

 

Төрага

А. Мадумаров