Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-декабры № 155-VI
"Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 16-июнундагы № 366 токтому) "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |