Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-январы № 221-VI
Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын долбооруна кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 382-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" депутаттык фракциясынын 2016-жылдын 15-январындагы жыйынынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскады" ЖАК биргелешкен мекемеси тарабынан 37 млн. АКШ доллары суммасында вахталык шаарчанын курулушуна байланышкан маселени ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Ж.А.Мусабекова
М.Ж.Мискенбаев
Т.К.Исаев
И.И.Матраимов - КСДП депутаттык фракциясынан;
Р.А.Казакбаев
Ж.К.Турускулов
К.Ш.Баймуратов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Т.А.Масабиров
Т.К.Конушбаев - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
Ч.И.Джакупова - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылыкка жараша өз ишине ушул маселенин профили боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерди тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгөн ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 30-июнуна чейин маалымдасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 382-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |