КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 382-VI
"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу долбооруна чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу долбооруна чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "эки айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2016-жылдын 30-июнуна чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |