КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-январы № 168-VI
Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүндөгү 4-пунктту, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 21-пунктту жана 125-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктту жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Канатбек Азиз өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |