ТоктомКүчүндө

КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 168-VI «Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө» токтому

Редакция13.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 13-январы № 168-VI

Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүндөгү 4-пунктту, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 21-пунктту жана 125-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктту жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Канатбек Азиз өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков