ТоктомКүчүндө

КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 223-VI «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу» токтому

Редакция21.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 21-январы № 223-VI

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту тууралуу

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл  үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул маселе боюнча 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пенсиялык төлөмдөрдүн натыйжалуулугуна тиешеси бар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өткөрүлгөн карыздарды толук көлөмдө чогултууну жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү реалдуу тастыктоону камсыз кылсын.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков