Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 198-VI
"Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эсепке алуу менен иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам жумушкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасымын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 20-январындагы № 16 токтому) "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эсепке алуу менен иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам жумушкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (С.Шер-Нияз) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эсепке алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н. Алимбеков |