Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-январы № 16
“Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене. Жөнгө салуу предмети жана максаттары
Ушул Мыйзам керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоонун жалпы тартибин аныктайт.
2-берене. Индексациялоонун маңызы
Жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын (мындан ары - зыян) ордун толтуруунун суммасын индексациялоо керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин өсүшүн эсепке алуу менен зыяндын ордун толтуруунун суммасына оңдоо киргизүү механизмин билдирет.
3-берене. Индексациялоо үчүн негиздер
Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин өсүшү зыяндын ордун толтуруунун суммасын индекстөө үчүн негиз болуп эсептелет.
Баалардын индекси мамлекеттик статистика органдары тарабынан эсептелет.
4-берене. Баалардын индексинин чоңдугу (босого)
Баалардын индексинин чоңдугу (босогосу) ашып кеткен учурда зыяндын ордун толтуруу индексацияланып, 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
5-берене. Индексациялануучу сумманын өлчөмү
Өлчөмү эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунан ашпаган зыяндын ордун толтуруунун суммасы индексацияланууга тийиш.
6-берене. Индексациялоонун мезгилдүүлүгү жана тартиби
Зыяндын ордун толтуруу суммасын индексациялоо керектөө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын индекси мурдагы индексациялоо учурунан тартып баалардын индексинин чоңдугунан (босогосун) 5 пайыз өлчөмүндө жогорулаган айда жүргүзүлөт. Зыяндын ордун толтуруунун индексацияланган суммасы кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап төлөнөт.
Зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7-берене. Индексациялоону каржылоо булактары
Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан зыяндын орду толтурулуучу суммаларды индексациялоону каржылоо булактары болуп республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык мекемелердики - жергиликтүү бюджет, башка уюмдардыкы болуп - өздүк каражаттары саналат.
8-берене. Корутунуду жобо
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти