Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 16-марты № 370-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI токтомунун редакциясына ылайык)

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына парламенттик көпчүлүктүн өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевич парламенттик оппозициянын өкүлү болуп дайындалсын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. 2014-жылдын 6-мартындагы № 4845-V жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 4923-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков