Редакцияот 29.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-июну № 822-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөткө парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары аныкталсын.

2. 2016-жылдын 16-мартындагы № 370-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы "Халикова Ашэра Леджебовна" деген сөздөр "Матраимов Искендер Исмаилович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков