Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-апрели № 439-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөндөгүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер министринен;
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринен;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен;
Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 11-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |