КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 745-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439- VI токтому менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган өзгөртүүлөр колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө улуттук жана коомдук коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кошумча кызмат ордуна талапкерди сунуштасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" № 439-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1-пунктта:
- төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;";
төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
ушул токтомдон келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.".
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков |