Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "ишеним жана биримдик" ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешин шайлоо Кыргызстан тарыхый сыноодон өткөнүн жана ачык, таза шайлоо өткөргөнүн айгинеледи. Коомубуз шайлоонун жыйынтыгы адилеттүү болду деп тааныды. Кыргызстан Борбордук Азияда демократияны өнүктүрүүдө алдыңкы орунда турганын иш жүзүндө шексиз далилдеди.
Ачык, таза шайлоо - өлкөнүн мамлекеттик эгемендигин андан ары чыңдоодогу маанилүү кадам. Бул жылы биз 25 жылдыкты белгилейбиз. Өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өттү.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин мамлекеттик түзүлүштүн негизи түптөлдү, экономикалык жана социалдык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтер болду. Стратегиялык улуттук долбоорлор ишке киргизилди, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жетиштик. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен ынак мамилелер түзүлдү. ЕАЭБге кошулуу Кыргызстандын келечегине кеңири жол ачкан чечим болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш социалдык-экономикалык өнүгүүдө, эл аралык интеграцияда жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч аракетин координациялоо үчүн натыйжалуу диалог аянтчасы болуп калды.
Улуттук кеңеште мамлекеттик бийликтин, саясий партиялардын, бизнес-коомчулуктун, коомдук-жарандык уюмдардын өкүлдөрүнүн бар болушу өлкө үчүн маанилүү болгон маселелерди биргелешип карап чыгууга жана чечүүгө мүмкүндүк берди.
Жигердүү өнүгүп жаткан экономиканы түзүү жана калктын кирешесин улам көбөйтүп туруу Өкмөттүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептелет. Өкмөттүн программасы кабыл алынган 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына негизделип, жаңыдан пайда болгон жана ЕАЭБге кошулуунун алкагында мүмкүн болуучу чакырыктарга көрүлүүчү чараларды камтыйт, ошондой эле ага шайлоо өнөктүгүнүн убагында саясий партиялар сунуш кылган конструктивдүү идеялар киргизилди.
Азыркы этапта тышкы факторлордун. негизинен дүйнөдөгү жана ЕАЭБдин мейкиндигиндеги экономикалык өсүштүн темпинин басаңдашы менен байланышкан тобокелдиктердин бар экендигин, демек - сурамдын азайышын, эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмүнүн кыскарышын жана анын алмашуу курсуна таасирин тийгизишин эске алуу зарыл.
Өлкөнү мамлекеттик башкаруу системасын тышкы жана ички тобокелдиктердин таасири астында иштөөгө даярдоо керек. Өкмөт өнүктүрүү варианттарын өзүнүн ресурстарына жана өлкөбүздө бар болгон мүмкүндүктөргө таянып аныктайт. Бирок биз мүмкүнчүлүккө жараша жашоого үйрөнүшүбүз керек.
Дүйнөлүк жана региондук экономикадагы кырдаал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн социалдык-экономикалык жагдайды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылууда. Калыптанып калган саясий туруктуулук жана Россия, Казакстан менен ишенимдүү жана стратегиялык мамилелер өлкөнү өнүктүрүүдө чоң жетишкендиктерге жетишүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктү түзүүдө.
Бул Программа мурда кабыл алынган маанилүү чечимдердин ырааттуулугун сактап, артыкчылыктуу багыттардагы иштерди аткарууну көздөйт.
1. Аткаруу бийлигинин ачыктыгы жана иштиктүүлүгү
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын конкреттүү натыйжа үчүн иштөөсү жана кабыл алынган чечимдердин ачыктыгы Программаны ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө болот. Талыкпай иштеп жана жакшы натыйжага жетишип коомдун, бизнестин, калктын аткаруу бийлик органдарына болгон ишенимин арттыруу зарыл.
Аткаруу бийлигинин системасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган улуттук артыкчылыктарга, максаттарга жана милдеттерге, ошондой эле ЕАЭБге кошулуунун алкагында коомчулук күтүп жаткан жагдайларга, жаңы чакырыктарга жана мүмкүндүктөргө ылайык жаңылоо керек.
Биринчи - улуттук артыкчылыктарды көздөө.
Бардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана чечимдер Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган улуттук артыкчылыктарды көздөөгө тийиш. Популисттик жана жеке кызыкчылыктарды, ошондой эле айрым топтордун кызыкчылыктарын сүрөмөлөөнү толугу менен токтотуу зарыл. Өлкө үчүн бардык маанилүү демилгелер кылдат экспертизадан өтүүгө жана тандап алынган өнүктүрүү багытына жооп берүүгө тийиш.
Экинчи - мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу пландоону, аткарууну, ага мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана баалоону күчөтүү.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан көптөгөн стратегиялык жана программалык документтерге сапаты жагынан инвентаризация жүргүзүлөт, алар ондон саналат. Алардын көпчүлүгү декларативдик мүнөзгө ээ жана бири-бирине карама-каршы келген формалдуу чараларды гана камтыйт. Стратегиялык жана программалык документтердин тизмеси жана багыттары кыйла кыскартылат жана улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен сапаты жагынан өзгөртүлөт.
Ушул максатта Өкмөт "Стратегиялык пландоо жөнүндө" Мыйзам долбоорун иштеп чыкты, Ошол эле учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өлкөдөгү жакшы кайра түзүүлөргө багытталган мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн орто мөөнөттөгү келечек үчүн стратегиялык негизги документ катары аныкталат. Күтүлүп жаткан социалдык-экономикалык процесстерди болжолдоого маани берилет.
Ишке ашырууда чечимдерди даярдоонун жана кабыл алуунун форматына, сунушталып жаткан жөнгө салуу таасирин сапат жагынан талдоого басым жасалат. Мамлекеттик органдардагы ички бюрократияны жана иш кагаздарын жүгүртүүнү кыскартуу зарыл.
Өнүктүрүүнүн максаттарына жана милдеттерине аткаруу бийлик органдарын шайкеш келтирүү, ошондой эле кайталанган жана чектеш функцияларды жоюу үчүн Өкмөт аткаруу бийлик органдарынын түзүмүн оптималдаштырат.
Үчүнчү - мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу. Акыркы жылдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана администрациялык регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок иш жай жылууда, буга жаңы дем берүү керек.
Жакынкы мезгилде ар кандай документтерди жыйноо боюнча бюрократиялык жол-жоболор электрондук форматка өткөрүлөт. Керексиз жана бири бирин кайталаган сурамдар жоюлат. Кызмат көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" системасын жана "электрондук өкмөт" системасын киргизүү маселеси актуалдуу болууда жана аны чечүү тездетилет. Ушул принциптерде 2016-жылы үч облуста көп функциялуу "Калкты тейлөө борборлору" ишке киргизилет. Андан ары бул практика бардык жерлерде ишке ашырылат.
Калкка сапаттуу жана даректүү кызмат көрсөтүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасын түзүү боюнча иштер улантылат.
Өкмөттүн алдында 2017-жылы мамлекеттик башкаруунун автоматташтырылган системасын кеңири масштабда ишке киргизүү милдети турат.
Төртүнчү - мамлекеттик кызматчылардын ынтызарлыгын арттыруу жана кадрдык потенциалды жогорулатуу. Мамлекеттик кызматчынын эмгек акысы жеке сектордогу ошондой эле профилдеги адистердин эмгек акыларынын деңгээлинен эселеп айырмалуу болбошу керек. Мыкты адистерди ишке тартуу жана алардын туруктуу иштеп калышы үчүн тийиштүү социалдык пакет берилиши зарыл.
"2015-2020-жылдарга арзан турак жай" программасынын алкагында мамлекеттик кызматчыларга арзан баада ипотекалык кредит алууга мүмкүндүк берүү керек. Мындай чара адистердин мамлекеттик органдарда узак убакыт бою иштеп калышына мүмкүндүк берет.
Кызматка дайындоо жана жогорулатуу ачык-айкын жана көрүнөө болушу үчүн шарттарды түзүү мындан ары да улантылат. Мамлекеттик кызматтын партиялык жактан саясатташуусун токтотуу керек. Кесиптик жана карьералык өсүш тууганчылык, уруктук жана башка байланыштарга эмес, кызматчынын реалдуу жетишкендиктерине жана ийгиликтерине гана негизделиши зарыл.
Бешинчи - мамлекеттик кызматчынын өз кирешелерин жана сарптоолорун декларациялоосу жөнүндө мыйзамда жазылган чаралар мамлекеттик кызматчылар үчүн коррупцияны чектөөчү рычагдар болууга тийиш. Чиновниктердин кирешелери жана сарптоолору кагазда эмес, реалдуу турмушта контролдонот.
Этика боюнча комиссиялардын иши, ролу жана мааниси "иштебеген" абалдан чыгарылып, реалдуу мазмун менен байытылышы зарыл.
Кызыкчылыктардын кагылышын жаратуучу шарттарды минималдаштыруу боюнча узак мөөнөтүү иш жүргүзүү үчүн "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Мыйзамды кабыл алуу зарыл.
Өлкөбүздүн жарандары коррупцияга каршы иштин натыйжасын иш жүзүндө көрүшү зарыл. Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүүсү натыйжалуу болушу үчүн басымды элибиз кыйла көп кайрылган органдарга коюу зарыл. Биринчи кезекте, булар укук коргоо органдары, МКК, фискалдык органдар, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар, билим берүү жана дарылоо мекемелери.
Кыргыз Республикасынын Президентинин сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча баштаган иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарын декларациялоо жөнүндө мыйзам чыгаруу демилгелери менен колдоого алынат. Коррупция фактысы табылганда, кызматкерди укук коргоо органдарында кайрадан иштөө укугусуз кызматынан бошотуу керек. Сот системасынын иштөөсүн жакшыртуу үчүн материалдык жана техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.
Жалпысынан, мамлекеттик башкаруу системасы үчүн коррупциянын пайда болушунун ыктымалдуу зоналарын табуу боюнча иштер, анын ичинде коомдук пикирди сурамжылоонун негизиндеги иштер улантылат.
2. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана экономиканы өстүрүү
Макроэкономикалык туруктуулук
Өкмөт макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана жалпы эле экономикалык саясаттын алдын ала көрүнөө болушун сактоого умтулат. Негизги акцент инфляцияны кармап туруудан тышкары экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүгө жасалат.
Биринчи - Өкмөттүн 2016-2017-жылдардагы негизги милдети болуп экономиканын ылдам өнүгүүсүн жана элдин кирешеси туруктуу өсүшүн камсыздоо саналат. Экспорттук көлөмдү өстүрүү, жеке жана мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу булагы болуп калат. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду өлкөдө структуралык реформаларды жүргүзүүнүн инструменти болушу керек.
Экинчи - Өкмөт мамлекеттик финансылардын тең салмагын камсыздайт жана мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын контролдонуучу деңгээлде сактайт. Күндөлүк чыгымдардын өсүү темпи мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ашпоосу керек.
Мамлекеттик чыгымдардын түзүмү кайра каралат. Бүгүнкү күндө чыгымдардын олуттуу бөлүгү мамлекеттин социалдык багыттары жана башка көмөкчү функциялары менен байланышкан.
Өкмөт экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү, натыйжалуулукту күчөтүү, ошондой эле стратегиялык жана операциялык максаттарга жетүү үчүн бюджетти инвестицияга багыттоону кыйла динамикалуу жүргүзүүнү, программалык бюджетти жигердүү киргизүүнү зарыл деп эсептейт. Өнүктүрүүнүн улуттук долбоорлору Өкмөттүн саясатынын артыкчылыгы болууга тийиш жана экономиканы өнүктүрүүнүн маселелерин оптималдуу чечүү максатында экономиканы системалуу түрдө реформалоону толуктап турушу керек.
Мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого өзгөчө маани берилет. Мунун максаты коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мамлекеттик ресурстарды кыйла рационалдуу пайдалануу болуп эсептелет.
Үчүнчү - улуттук продукцияны экспорттоого жана калктын ички суроо-талабын жетиштүү түрдө туруктуу деңгээлде кармап турууга багытталган тең салмактуу валюталык жаңы саясатты жүргүзүү.
Өкмөт фискалдык инструменттер аркылуу аталган саясатты илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.
Төртүнчү - инфляцияга карата саясат негизги принципти жетекчиликке алуусу керек - бааларды кармап туруу боюнча чаралар экономикалык өсүшкө тоскоол болбоого тийиш, экинчи жагынан калктын кызыкчылыктары эске алынуусу керек. Өкмөт инфляциянын деңгээли жылына орточо [6-7] пайыз диапазондо болушу керек деп эсептейт.
Бешинчи - фискалдык саясаттын айрым багыттары кайра каралат. Бүгүнкү күндө негизги көйгөй болуп салыктык башкаруу процесси жана салык салуунун адилеттигин камсыз кылуу саналат.
Салык жүгүн теңештирүү жана салыкты жыйноонун толуктугун камсыз кылуу максатында салыктык жана бажылык башкаруунун чаралары ишке ашырылат, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмеси кайра каралат.
Өкмөт салык боюнча кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулат. Муну менен бирге "демпинг" принцибинин негизинде гана атаандашуу максатка ылайыксыз, Кыргызстан бизнес жүргүзүү шарттары боюнча да жагымдуу болуусу керек. "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингинде Кыргызстандын отуз мыкты өлкөнүн жана экономикалык эркиндик боюнча 40 мыкты өлкөнүн катарына кошулушу боюнча чаралар көрүлөт.
Кошумча нарк салыгын кайталаган жана бизнеске болгон салыктын жүгүн көбөйткөн сатуудан алынуучу салыкты этап-этабы менен алып салуу боюнча иштер улантылат.
Колдонуудагы салык жеңилдиктерин оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салыктан качуунун болгон мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын кирешелүү потенциалын жогорулатуу жаатындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калат.
Түзүмдүк өзгөрүүлөрдү колдоого алып, экономиканын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүп, салыктардын жөнгө салуучу функциясын натыйжалуу пайдалануу зарыл.
Фискалдык система төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана демилгелүүлүгүнө багытталууга тийиш.
Алтынчы - инфраструктуралык объектилерге маанилүү инвестициялардын зарыл экендигине карабастан тышкы карыз маселелеринде тең салмактуу ыкма сакталат. Өкмөт эл аралык институттардын линиялары боюнча финансылык карыз алууларды пландоонун, пайдалануунун жана контролдоонун натыйжалуулугун жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча иштейт.
Өлкөнүн инвестицияга ыңгайлуу болушун күчөтүү
Финансы ресурстарын алуунун чектелгендиги жана инвестициянын деңгээлинин төмөндүгү өлкөнү өнүктүрүү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Ошондуктан Өкмөт өлкөнүн инвестицияга ыңгайлуу болушун жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду максаттуу инвестициялоо боюнча иштерди жүргүзөт. Кыргызстан мааниси боюнча жакынкы келечекте "бизнес үчүн бейиш" болуп калууга тийиш.
Өлкөнүн экономикасына инвестициялар маанилүүлүгү боюнча бирдей баалуу төмөнкү финансылык булактардан тартылат: чет өлкөлүк, ички инвестициялар жана калктын жеке аманаттары.
Биринчи - жеке менчик укугун коргоону жана инвесторлордун экономикага салынган каражаттарын сактоону камсыз кылуу маселеси маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Инвестор мамлекет жүргүзүп жаткан экономикалык саясаттын анык эместигинен, ошондой эле мыйзамдык-укуктук, саясий жана социалдык тобокелдиктерден инвестициялардын сакталышына жана кайтарымдуулугуна туруктуу жана ишенимдүү кепилдик алышы керек. Мамлекеттик жөнгө салуу ачык, айкын, өзгөрүлбөс, эки жакка тең пайдалуу жана адекваттуу болушу керек.
Ошондой эле потенциалдуу инвесторлордун сурамдарына жооп берген инвестициялык рыноктун инфраструктурасын олуттуу жакшыртуу зарыл.
Экинчи - ири инвестициялык долбоорлорду кароону саясаттан арылтуу. Өлкө үчүн маанилүү маселелерди чечүү Конституцияга жана өлкөнүн башка мыйзамдарына ылайык, бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен экономикалык эсептөөлөргө жана талдоолорго негизделиши керек.
Экономикалык саясат керектөө форматынан улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду - стратегиялык тармактарды өнүктүрүүнүн "таяныч башатына" негизделген инвестициялык экономиканын форматына өтүүгө багытталат.
Үчүнчү - жаңы инвестициялардын келип түшүүсүнө фискалдык жана административдик түрткү берүүнүн жаңы инструменттерин киргизүү зарыл. Салыктык каникулдарды киргизүү, контролдук инспекцияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийди белгилөө инвестициялык салымдардын көлөмүн алда канча көбөйтө тургандыгын тажрыйба көрсөтүүдө.
Бир эле учурда артыкчылыктуу багыттар боюнча инвесторлор үчүн отчеттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн формасы сунушталууга тийиш. Инвестицияларды тартуу үчүн көмөк көрсөтүүчү маанилүү инструменттердин бири инвесторлор үчүн социалдык чегерүүлөрдүн атайын режимин киргизүү болот. Мында бошотулган каражаттардын өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалышы маанилүү.
Ушуну менен бирге эле Өкмөт инвестициялардын агылып кетишин азайтууга мүмкүндүк берүүчү таасирдүү системаны, рефинансылоону колдоо системасын иштеп чыгууда.
Бул система түшкөн пайданы реинвестициялоо боюнча шарттарды түзүүнү өзүнө камтыйт. Экономикага каражаттарды реинвестициялагандыгы үчүн салыктарды алып салуунун максатка ылайыктуулугу каралып чыгат.
Өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн "салыкты төлөөнүн пайдалуулугунун жана кадыр-барктуулугунун" реалдуу өбөлгөлөрүн караган атайын система иштелип чыгат. Формалдуу эмес экономиканын өсүшүн чектеген жана ага бөгөт койгон, анын масштабын азайтканга өбөлгө болгон жана легалдуу экономиканы чындаган жолдор жана методдор иштелип чыгат.
Төртүнчү - бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү практикалык ишке киргизүү. Инфраструктуралык, социалдык, региондук долбоорлорду ишке киргизүү жана колдоо үчүн мамлекет ресурстарга чектелүү экендигин моюнга алуу керек. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мындай долбоорлорго инвестициялоонун маанилүү инструменти болуп кала алат.
МЖӨнүн пилоттук долбоорлору катары чакан ГЭСтерди куруу, Бишкек жана Ош шаарларында айрым муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги маселелерин кароого болот.
Бешинчи - чет өлкөлүк түз инвестициялар жаңы билимдерди, технологияларды, тажрыйбаларды, көндүмдөрдү ж.б. тартуу катары дагы каралышы керек.
Экономиканы жаңылоо техникалык кайра жабдууну жана заманбап технологияларды экономиканын келечектүү багыттарына киргизүүнү талап кылат. Кыргызстандын экономикасы жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек, аларга фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер аркылуу дем берилүүгө тийиш.
Соңку технологияларды колдонуу инженердик жана башкаруучу кесиптердин адистеринин жаңы категорияларын талап кылат. Андыктан, улуттук кадрларды чет өлкөдө үзгүлтүксүз окутууну жана даярдоону жөнгө салуу керек. Мында экспорттук экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирген адистиктерге басым жасалышы керек. Бул процессте өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунун ролун жана маанисин аныктоо зарыл.
Алтынчы - өндүрүштүн анча чоң эмес масштабы жана өндүрүштү өнүктүрүүгө кредит алуу үчүн күрөөлүк мүлктүн жетишсиз көлөмү ата мекендик бизнестин көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Күрөөлөрдү камсыздандыруунун жана кепилдиктерди берүүнүн жаңы инструменттерин иштеп чыгуу зарыл.
Өкмөт венчурдук бизнеске жана ишканаларга кредиттик рынокторго чыгууга жана зайымды кошо кепилдик кылууга өбөлгө болуучу, кредитти күрөө менен камсыз кылууда колдоо көрсөтүүчү "Кепилдик фондун" ийгиликтүү долбоорлорду түзүүнүн тажрыйбасы боюнча уюштурууну сунуштайт.
Жетинчи - калктын топтолгон каражаттарын пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек.
Бул топтолгон каражаттардын аз гана бөлүгү банк системасында депозиттик салымдар катары колдонулууда. Алардын көпчүлүгү "катылган" жана майда аманаттарга салынган. Ушуга байланыштуу Өкмөт жана КР Улуттук банкы калктын банк системасына болгон ишенимин көтөрүү жана финансы-кредиттик мекемелердин тармагын кеңейтүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Улуттук банк банктык эмес чөйрө менен бирдикте калк үчүн финансы инструменттерин кеңейтүүгө тийиш. Зайымдык каражаттарга ставкаларды азайтуу боюнча ишти жүргүзүү зарыл.
Мамлекеттик баалуу кагаздарга карата Өкмөттүн жана Улуттук банктын саясаты фондулук рыноктогу операцияларга калкты көбүрөөк тартуу максатында кайра каралып чыгышы керек.
Таза жана экономикалык жактан калыптанган мамлекеттик жана жеке пенсиялык системалар маанилүү элемент болуп саналат.
Сегизинчи - социалдык жана өндүрүштүк инфраструктурага: билим берүүгө, саламаттык сактоого, энергетикага, жана транспорттук инфраструктурага мамлекеттик инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү. Аталган багыттарды каржылоо артыкчылыктуу болот. Өкмөттүн милдети болуп инвестициялардын натыйжалуулугуна жетишүүсү эсептелет.
Транспорттук коммуникациялар жаатында 2016-2017-жылдары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна, Ысык-Көлдү тегерете салынуучу жолго, Бишкек - Кара-Балтаны айланып өтүүчү трассага, ошондой эле облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдорду реабилитациялоого артыкчылык берилет.
Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош-Иркештам, Ош-Баткен-Исфана сыяктуу транзиттик магистралдарынын абалы эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Кыргызстандын аймагындагы улуттар аралык темир жол участогунун курулушуна байланыштуу долбоорду илгерилетүү өзгөчө контролдо болууга тийиш.
"Манас", "Ош", "Тамчы" аэропорттору модернизациялоо жана жаңылоо улуттук долбоорлор болуп калат.
Стратегиялык максат болуп Кыргызстандын аймагында Борбор-Азиялык региондук транспорттук-логистикалык түйүн борборун түзүү саналат.
Энергетикада Өкмөт Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү максатын коёт.
Ага жетүү үчүн Токтогул ГЭСинин, Бишкек шаарынын ЖЭБинин кубаттуулуктарын жаңыртуу улантылат, негизги көмөк чордондорду модернизациялоо жүргүзүлдү.
Өкмөт жаңы кубаттуулуктарды куруунун темптерин тездетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн издейт (Камбар-Ата, Жогорку-Нарын каскады, Сары-Жаз). 2016-2017-жылдарда чакан ГЭСтердин биринчи долбоорлору, анын ичинде МЖӨнү колдонуу менен ишке киргизилет. " CASA-1000" долбоору стратегиялык жактан маанилүү болуп калууга тийиш, ал боюнча даярдык көрүү иштери жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Өкмөт көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүү ишин улантат.
Экономикадагы жана коомдогу маалыматтык технологиялардын ролун күчөтүү боюнча заманбап тренддерди эске алып, инвестициялар маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө да багытталууга тийиш. Бул билим берүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, экспортерлорду ж.б. маалымдоодо жакшы таасирин берет.
Жакынкы аралыкта санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу аякташы керек. 4G стандартын масштабдуу ишке киргизүү колдоого алынат, ага ылайык республиканын аймагынын 85 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтылат.
Экспортту өстүрүү жана колдоо
Экспорт экономиканын өнүгүшүндө аныктоочу ролду ойнойт жана өсүүнүн факторлорунун бири болуп эсептелет. Өнөр жайды техникалык жактан кайра жабдуу боюнча милдеттерди чечүү, инженердик кадрларды даярдоо жана окутуу системасын түзүү, жаңы технологияларды ишке киргизүү, өнөр жай түзүмдөрүн жүгүртүү каражаттары жана чийки зат менен камсыздоо, экспорттук продукцияны өндүрүүнү өбөлгөлөөчү механизмдерди түзүү жана көптөгөн башка маселелерди чечүү зарыл.
Биринчи - Кыргызстан ЕАЭБга тең укуктуу катышуучу болду. Калкы 183 млн. адамдан ашуун рынокко жол ачылды. Интеграциянын бүткүл потенциалын жана ТӨУСга киргизилген улуттук кызыкчылыктарды алга жылдыруу зарыл, алардын эң башкылары өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу болуп саналат.
Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жылдырууга көмөк көрсөтүү максатында чек аралардагы өткөрүү пункттарын толук модернизациялоону жана жаңылатууну өзүнө камтыган инфраструктураны, сертификаттоо органдарынын жана адистештирилген лабораториялардын тармагын, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү боюнча ишти ылдамдатат.
Экинчи - мыкты экспорттук потенциалга ээ болгон экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоо. Артыкчылыктар катары айыл чарбасын, кайра иштетүү, тигүү, иштетүү өнөр жайын жана туризм кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү максатка ылайыктуу.
Товар өндүрүүчүдөн баштап рыноктун артыкчылыктуу керектөөчү сегменттерине чейинки товарды өткөрүүчү натыйжалуу линия мамлекеттин жана жеке сектордун күч аракети менен түзүлүшү керек.
Өкмөт экспортту өнүктүрүү боюнча кабыл алынган планды ишке ашырат.
Кыргыз Республикасына берилген ВСП+ статусуна ылайык Кыргыз Республикасындагы экспортерлор ЕСге нөлдүк тарифтик ставкасы боюнча, башкача айтканда иш жүзүндө алымдарсыз товарларды жеткире алат. Өкмөт ЕС өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоону күчөтүү үчүн жергиликтүү ишкерлерге ВСП+ мүмкүндүгүн пайдаланууга жардам берүүчү чаралардын комплексин ишке ашырат.
Үчүнчү - улуттук экономиканын продукциясын экспорттоо үчүн максаттуу рыноктор болуп ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Түркия, Кытай жана Индия эсептелет. Туризм жаатында географиялык камтуу кыйла кеңири болушу керек жана иштер дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жүргүзүлүшү зарыл.
Кыргызстандын Борбордук Азиядагы туризмдин региондук борборлорунун бири болуп калууга бардык шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан жөнүндө чет мамлекеттерге маалымат берүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл.
Экспорт кылуу боюнча иштерге КРнын элчиликтери тартылат. Ошондой эле диаспоралардын потенциалын жана биздин чет өлкөлөрдөгү мигранттарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максатка ылайык келет.
Мамлекеттик деңгээлде туристтик инфраструктураны курууну системага келтирүүгө жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зоналарында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун жөнгө салууга багытталган мыйзам чыгаруу демилгелерин кабыл алуу зарыл. Инвесторлорду тартуу жана курорттук зонада жерлерди пайдаланууну тартипке салуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонага стратегиялык маанидеги статусту ыйгаруу жөнүндө мыйзам чыгаруу чечимин демилге кылуу сунушталат.
Төртүнчү - экспорттоону мамлекет тарабынан колдоого алуунун бизнес үчүн кыйла курч болуп эсептелген негизги элементи тышкы соодага финансылык көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында Өкмөт кыйла артыкчылыктуу багыттар боюнча келечектүү долбоорлорго көмөк көрсөтүүнү демилге кылат.
Экспортерлерду зайым менен камсыз кылуунун өкмөттүк кепилдиктери түрүндө колдоо көрсөтүлөт. Кыска мөөнөттүү экспорттук кредит берүү, ошондой эле салыкты төлөөнүн мөөнөтүн узартуу механизмин киргизүү пландалууда.
Бешинчи - өндүрүштүн сапатын башкаруу деңгээлин жогорулатуу жана сапаттын эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалык иштерди улантуу зарыл. Облустарда адистештирилген аккредитацияланган лабораторияларды жана борборлорду ишке киргизүү аркылуу стандартташтыруу боюнча инфраструктураны түзүү тездетилет. Сапатты башкаруу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн окутуу программалары жана ISO стандарттарын киргизүү боюнча консультациялар жүргүзүлөт.
Алтынчы - жөнгө салууну жакшыртуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү. Экспорттоо үчүн тиешелүү документтерди тариздөөгө жана жол-жоболордон өтүүгө талап кылынган убакытты жана чыгымдарды кыскартуу, аларды коңшу мамлекеттерде колдонулган механизмдерге атаандаш болгондой кылуу зарыл. Бизнес жана экономика менен байланышкан эл аралык рейтингдердеги позицияларды сактоо жана жакшыртуу максатында туруктуу негизде мониторинг өткөрүлүп, мониторингдин жүрүшүндө табылган көйгөйлөрдү жоюу боюнча оперативдүү чечимдер кабыл алынып турат.
Экономикада кредит берүүнү өстүрүү
Орун алган финансылык система экономиканын ички секторлорунун ресурстарын топтоштуруунун жана сарамжалдуу кайра бөлүштүрүүнүн талаптарына жетиштүү жооп бербейт. Башкы милдет - бул максималдуу либералдаштыруу принцибине негизделген банк системасын андан ары чыңдоо болуп эсептелет. Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана калк менен ишкерлердин кредиттерге жана сапаттуу банк кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон муктаждыгын канааттандырууга жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү финансы-кредиттик мекемелердин системасын түзүү зарыл.
Биринчи - банк иши төмөн болгон шартында жана финансы ресурстарынын жетишсиздигинен, ошондой эле алардын наркы жогору болгондуктан, банк секторундагы саясатты кайра кароо зарыл. Реалдуу экономикага кредит берүүгө банктардын катышуусун кеңейтүү үчүн алардын ишинин шарттары кайра каралып чыгууга тийиш. Инфляцияны ооздуктоого багытталган Улуттук банктын позициясы Өкмөттүн экономикалык артыкчылыктарына ылайык келүүгө тийиш. Узак мөөнөттүү кредит берүүнү жана банк системасынын ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн банк секторундагы узак мөөнөттүү жана оперативдүү ликвиддүүлүктү колдоо боюнча механизмдерди калыптандыруу зарыл. Банк саясаты өлкөнүн экономикасына улуттук валютада кредит берүүгө өбөлгөлөрдү түзүшү керек.
Экинчи - фонддук рынокту жандандыруу жана инвестицияларды топтоонун, аларды калк үчүн кошумча киреше алуунун булагына айлантуунун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл.
Өкмөт ипотекалык программаны кеңейтүү үчүн ипотекалык облигацияларды чыгарууну жана аларды фондулук рынокто сатууну демилгелейт.
Үчүнчү - чакан финансылык сектордун ылдам өнүгүүсү жакшы натыйжа берди. Бирок анын социалдык терс жактары, ал өзгөчө региондордун тургундары үчүн терс жактары болду.
Өкмөт Улуттук банк менен бирге калкка кредит берүү боюнча натыйжалуу институтту сактап, ошондой эле зайымчылардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу менен, социалдык чыңалууну азайтуу механизмдерин иштеп чыгышы зарыл.
Адилеттүү атаандаштык
Өкмөт адилеттүү рыноктун кепилдиктерин камсыздоого жалпы эле атаандаштыкты жөнгө салуудан баш тартууга тийиш.
Биринчи - экономикадагы мамлекеттин катышуусун кыскартуу. Ал үчүн бардык мамлекеттик ишканаларды жоюу же болбосо кийин менчиктештирүү менен АКыга айландыруу, зарыл болгон учурда акциялардын блоктоочу пакетин (үлүшүн) калтыруу керек. Мамлекеттик үлүшү бар жана стратегиялык объекттер болбогон бардык АКыларга карата ушундай эле чечим кабыл алынууга тийиш.
Экинчи - монополияга каршы жөнгө салуу жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо критерийлерин сөзсүз камсыз кылууга, монополизациялоону болтурбоого жана монополдук абалды кыянаттык менен пайдаланбоого, ошондой эле сатып алуулардын эффективдүүлүгүнүн кыйшаюсуз өсүшүн камсыз кылууга негизденип, ушул принциптерди ишке ашыруу принциптерин өзгөртүү зарыл.
3. Айылдарды, чакан шаарларды жана эмгек рыногун өнүктүрүү
Айылдарды жана чакан шаарларды өнүктүрүү
Өлкөнүн ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү болжол менен 15 пайызды түзөт, айылдарда калктын болжол менен 67 пайызы жашайт. Ошондуктан экспорттук саясаттын артыкчылыктуу багыттары айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштеп чыгууну мамлекеттик колдоо болушу керек.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө дем берүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берүү аркылуу болот. Орто мөөнөттүү келечекте олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн бул таптакыр жетишсиз. Дем берүүнүн жаңы, узак мөөнөттүү жана жагымдуу чаралары зарыл.
Биринчи - региондук экономикалык өсүүнүн чекиттерин/баскычтарын түзүү. Өкмөт региондорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, анын негизине тандалып алынган шаарлардын айланасында экономикалык активдүүлүктү топтоо салынат. Социалдык, транспорттук инфраструктурага жана турак жай-коммуналдык чарбага эле эмес, ошондой эле ири өндүрүш долбоорлоруна да мамлекеттик жана жеке инвестициялар талап кылынат. МЖИ жөнүндө мыйзамдын алкагында региондордо долбоорлорду ишке киргизүү үчүн атайын шарттарды карап чыгуу зарыл.
Шаарларга чектеш айыл аймактарында жана аларда жайгашкан айыл чарба багытындагы бизнес-түзүмдөрүндө бардык зарыл инфраструктурасы бар жакынкы жерлерде жайгашкан шаарлардагы кайра иштеп чыгуучу ишканаларга жана логистикалык борборлорго айыл чарба продукциясын алып келүү мүмкүндүгү болушу керек.
Материалдык-техникалык база жана өндүрүш объекттеринин мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде иштин чыныгы абалы изилденет жана алардын келечегин аныктай турган жалпы программа даярдалат. Потенциалы бар өндүрүштөр үчүн атайын салык режимин берүү менен түздөн-түз инвестицияларды тартуу максатка ылайыктуу.
Өкмөт айыл чарба продукциясынын ири товардык-логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырат. Эл аралык деңгээлдеги борборлордун бири өлкөнүн түштүгүндө ("Түштүк"), экинчиси - өлкөнүн түндүгүндө ("Түндүк") жайгаштырылат. Ошондой эле конкреттүү максаттуу продукттары менен 7 региондук логистикалык борбор ишке киргизилет.
Региондук өсүштүн борборлорун түзүүнүн маанилүү элементи социалдык инфраструктураны өнүктүрүү болот. Ушул шаарлардын жана аларга жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары эң негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетип, бош убактыларын толук баалуу өткөрүү жана өзүнүн потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ушул шаарларда окутуунун инновациялык жана көп тилдүү ыкмаларын колдонуу менен зээндүү балдар үчүн мектептерди түзүү пландаштырылууда. Мындай мамиле кылуу ички миграцияны кыскартууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн ипотекалык жана социалдык куруу, "Арзан турак жай" программасын ишке ашырууну тездетүү зарыл.
Экинчи - айыл чарбасын колдоо жана технологияларды тартуу.
Тармакты өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары болуп өндүрүштүн көлөмүн жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба продукциясынын сапатын арттыруу. өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, кайра иштеп чыгуу өнөр жайынын потенциалын күчөтүү саналат.
Айыл чарбасына насыя берүүнүн түзүлгөн каражаттары менен катар эле Өкмөт айыл чарба продукциясын жана кайра иштеп чыгуу продукциясын экспорттоо рыногун колдоо үчүн кошумча финансылык каражаттарды ишке киргизүүнү сунуштайт.
Аны менен катар, мындай ыкма тышкы рыноктордо атаандашууга мүмкүнчүлүгү бар чарбаларга жана ишканаларга колдонулгудай болууга тийиш.
Айыл чарбасынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүү шарты болуп өндүрүштү ирилештирүү саналат. Ошондой эле өндүрүлүүчү айыл чарба продукциясынын чектелген номенклатурасына региондорду адистештирүү максатка ылайыктуу. Ири фермердик чарбаларды иштетүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Ушул максатта айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кыйла эффективдүү колдонуу, өлкөнүн ичинде да, анын аймагынан тышкары жерлерде да өтө көп сандагы керектөөчүлөрү бар мекемелер үчүн айыл чарба продукциясын кепилденген мамлекеттик сатып алуулар системасын ишке киргизүү максатка ылайыктуу. Фьючерстик бүтүмдөр жана келерки түшүмгө насыя берүү механизмдерин ишке киргизүү керек.
Айыл чарбасынын технологиялык жактан камсыз болуу маселесин чечүү үчүн мамлекеттик-жеке ишкердик механизмдерин колдонуу менен агротехникалык тейлөөнүн жана айыл чарба техникасын колдоонун региондук борборлорун түзүү зарыл. Өкмөт айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүнү кыйла кеңири колдоого алат. Ушул максатта мамлекеттик банктар өздөрүнүн лизингдик операцияларын кеңейтет. Ошондой эле агрохимиялык жана зооветеринардык тейлөөнүн адистештирилген пункттары түзүлөт.
Финансылык институттар аркылуу мамлекет тамчылатып сугарууну жана күнөсканаларды курууну кошо алганда, потенциалдуу ийгиликтүү долбоорлорду колдойт. Насыя берүүдө өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу үчүн региондун конкреттүү продукцияны чыгарууга адистештирилгендиги эске алынууга тийиш. Кыргызстандын салттуу адистешүүсүн эске алганда, малды технологиялык уюштуруп союу жана этти баштапкы иштетүү боюнча заманга ылайык ишканалар курулат.
Ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн сапаттуу үрөн материалын пайдалануу маанилүү болуп эсептелет. Жугуштуу ооруну жана гендик модификацияланган үрөндөрдү пайдаланбоо үчүн Өкмөт адистештирилген лабораторияларды ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн издеп жагат. Асыл тукум жана үрөн чарбаларына мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү үчүн каражаттар караштырылат.
Үчүнчү - өстүрүлгөн жашылчалардын жана жер-жемиштердин экологиялык тазалыгы жана сапаттуулугу ата мекендик айыл чарба продукциясынын, ошондой эле улуттук суусундуктардын, мөмө-жемиш ширелеринин, минералдык суунун жана дары чөптөрдүн бренди болуп калууга тийиш. Ошондуктан экспортко арналган ата-мекендик экологиялык таза продуктуларды стандартташтыруу боюнча лабораторияларды куруу зарыл.
Төртүнчү - ирригация жана региондорду таза ичүүчү суу менен камсыздоо.
Өкмөт ирригациялык жана дренаждык системаларды эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча иштерди улантат. Чек арага чукул жайгашкан райондорго өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуу технологиялары киргизилүүгө тийиш. Бул үчүн суу сактагычтардын, күндүк жана айлык жөнгө салынып туруучу бассейндердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла активдүү колдонуу керек.
Аткаруу бийлигин бардык деңгээлинде өзгөчө көңүл бурууну талап кылган улуттук артыкчылык калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болууга тийиш. Өкмөт таза ичүүчү сууга муктаж калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылат.
Бешинчи - региондорду башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу.
Өкмөт ар бир орган үчүн жоопкерчилик зонасын аныктайт, алардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын бөлүштүрөт, кызыкчылыктардын кайчылаш келүүчү жерлерин жоёт. Акимдер региондордун инфраструктуралык маселелерин чечүүгө, ал эми ЖӨБО алардагы бизнестин өнүгүшү үчүн жооптуу болууга тийиш.
Өкмөт социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды жан башына каржылоо принцибин киргизүүгө даяр.
Финансыны бөлүштүрүү системасы стимулдаштыруу принцибине негиздениши керек. Салыктар бизнес иштеген жер боюнча төлөнүүгө тийиш. Региондордун стратегиялык өнүгүшү үчүн фонддорду түзүү боюнча демилгелердин зарылдыгы алда канча мурда эле бышып жетилген.
Өкмөт жергиликтүү бийлик органдарынын системасын, башкаруунун деңгээлдеринин ортосундагы ө:з ара аракеттенүү механизмдерин акырындап реформалоого, жер-жерлердеги бийликтин иш-аракеттери үчүн компетенттүү органдардын натыйжалуу бирок чектелген санын катуу контролдоонун репрессивдүү эмес системасын орнотууга багытталуусу зарыл.
Жергиликтүү бийлик органдарынын алдында жумушчу орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, жакырчылыкты кыскартуу, дотациялык категориядан башкаларына өтүү сыяктуу милдеттер турууга тийиш.
Өндүрүштүк өздөштүрүү жана инвестициялык долбоорлор үчүн региондор сунуштаган эң негизги ресурстарды сүрөттөө менен жалпы улуттук маалыматтар базасын түзүү зарыл.
Атайын окутуучу программаларды ишке киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча иштер активдештирилет.
Алтынчы - чек арага талапташ аймактарды өнүктүрүү. ТӨУСкө ылайык экономикалык жана социалдык милдеттер мамлекеттик чек ара коопсуздук маселелери тыгыз чырмалышкан чек арага талапташ аймактардын өнүгүүсүнө олуттуу маани берилет. Мындай аймактар үчүн калкты экономикалык ишти кеңейтүүгө тартуу жана аны бекитүү үчүн социалдык маселелерди чечүү, экономикалык өбөлгөлөөнүн өзгөчө чаралары сунушталат.
Эмгек рыногун өнүктүрүү жана эмгек миграциясын жөнгө салуу
Көбүнчө төмөнкү квалификациядагы эмгектик ресурстар ашыкча болуп жатканда бүгүнкү күндөгү экономика кесипкөй эмгектик ресурстарга тартыштыкты баштан өткөрүп жатат. Өлкөдө учурга ылайык экономиканы өнүктүрүү күч-аракеттерди жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө эле эмес, ошондой эле жумуш күчүн сунуштоонун сапатын жөнгө салууга да топтоштурууну талап кылат.
Биринчи - бардык деңгээлде (мектептер, лицейлер, ЖОЖдор) кесиптик билим берүүнү жакшыртуу. Мектептик билим берүү системасына кесиптик багыттоону киргизүү атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек ресурстарынын сунуштарын түзүү үчүн негиз жаратат. Жумушсуздук көйгөйү даярдалган адистердин квалификациясынын рыноктун суроо-талаптарына ылайык келбешинде турат. Ошондуктан адистерди даярдаган мекемелерге да, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү пландаштырып жаткан мекемелерге да талаптар каралышы керек.
Эмгек ресурстарына, экономиканын экспортко багытталган чөйрөсү боюнча талап кылынган адистиктерге күтүлүүчү суроо-талапты аныктоо, андан кийин дал ушул категориядагы адистерди сапаттуу жана максаттуу даярдоо зарыл. Кесиптик билим берген жана даярдаган бардык уюмдар потенциалдуу эмгек рыногу менен кыйла тыгыз иштеши керек.
Артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди кесиптик жактан даярдаган алдыңкы мекемелерди технологиялык жактан кайра жабдуу маселеси иштелип чыгат.
Экинчи - башкаруу системасынын деңгээлинде да, ошондой эле жер-жерлерде аны ишке ашыруу деңгээлинде да бирдиктүү макулдашылган эмгек, ишке орноштуруу, миграция жана социалдык коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү керек. Саясат калктын ички миграциясын тартипке салууга жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө, экономикалык жактан активдүү калктын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталууга тийиш. Эмгек рыногун божомолдоо механизмдери жакшыртылышы зарыл.
Өкмөттүн экономикалык активдүүлүктүн региондук борборлорун өнүктүрүүсү региондордо жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Тышкы миграция маселеси боюнча кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу менен катар Өкмөт алардын социалдык жана экономикалык укуктарын коргоого, алар орун алган жерлерде интеграциялоо үчүн социалдык-маданий даярдоого жана зарыл болгон учурда андан ары Кыргызстанга реинтеграциялоого көмөк көрсөтүшү керек.
Үчүнчү - Өз ишин Кыргызстанда жүргүзгөн чет өлкөлүк компания үчүн милдеттүү чектүү эмгек квоталарын кайрадан карап чыгуу. Чет өлкөлүк инвесторлорду жергиликтүү эмгек ресурстарын тартуу үчүн экономикалык чаралар менен кызыктыруу же өтө көп сандагы улуттук адистерди жана жумушчуларды жалдоого өбөлгө түзө турган өзгөчө режимди түзүү керек. Социалдык милдеттер бөлүгүндө ийкемдүү салык салуу каражаттардын бири боло алат.
Төртүнчү - Социалдык фондго акы төлөөлөрдүн учурдагы системасын кайрадан карап чыгуу. Бизнестин да, пенсия менен туруктуу камсыз кылуунун да көз карашынан алганда, социалдык чегерүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселесин дыкаттык менен изилдеп чыгуу керек.
4. Инсан жана жаран келечектин негизи катары
Убакыттын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экендигин эске алуу менен Өкмөт төмөнкү элементтерге көңүл бурат.
Биринчи - үй-бүлө институтун сактоо жана өнүктүрүү.
Жалпысынан социалдык коштоонун бүтүндөй системасы үй-бүлөнү бекемдөөгө, үй-бүлөөлүк дөөлөттөрдү сактоого жана үй-бүлөлүк чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
Көйгөйдүн системалуулугун жана кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын эске алып КР Өкмөтү мамлекеттик үй-бүлө саясаты үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктайт.
Алдыдагы жылдарда КР Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укуктарды өткөрүп берүү менен ар бир калктуу конушта турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча борборлордун тармагын түзүүгө ниеттенип жатат.
Ар бир райондо элдин керектөөлөрүн жана муктаждыктарын, региондогу демографиялык абалды эске алуу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жол карталары болууга тийиш.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо КР Өкмөтү бекиткен каржылоо стандарттарын колдонуу менен программалык негизде болууга тийиш.
КР жарандары бала асырап алуудагы, камкордукка же көзөмөлдүккө алуудагы жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүп жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарыл.
Жетим балдарды асырап алууну каалагандардын мамлекеттик маалыматтык базасы ачык-айкындыктын принцибинде түзүлөт. Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоо борборлору баланы асыроого алган үй-бүлөлөргө психологиялык жана методикалык жактан жардам көрсөтүшөт.
Экинчи - ичүүчү суунун коопсуздугу. Өкмөт ичүүчү суунун коопсуздук көйгөйүнүн системалуулугун жана анын адам турмушунун башка бардык чөйрөлөрүнө таасирин эске алып ичүүчү суу менен жабдуу маселесинин артыкчылыгын колдоого алат. Калктын коопсуз ичүүчү суу менен жабдылуусун, өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдары менен камтылышын кеңейтүү камсыздалат.
Үчүнчү - популяциялык деңгээлде таралган жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруга чалдыгууларды профилактикалоо.
Коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө, эл арасында профилактикалык иштерди жана диспансеризация жүргүзүүгө, жаш муундардын арасында сергек жашоо образын жана массалык спортту пропагандалоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жарандарга ден соолукту чыңдоо жана сактоо, оорулардын алдын алуу, медициналык-санитардык жардам алууда берилүүчү укуктар жөнүндө маселелер боюнча маалымат берүүгө багыт алат.
Ошондой эле саламаттык сактоо системасынын жакырчылык факторлору, миграция жана туура эмес жашоо образы көйгөйү менен байланышкан энени жана баланы коргоо боюнча иш-чаралардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.
Төртүнчү - билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты. Бул багыттагы жооптуу министрликтер улуттук стандарттардын жана бекитилген регламенттердин сакталышын камсыздоого тийиш.
Бешинчи - заманбап технологияларды жана окутуунун методикаларын колдонуу менен 5,5тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтууну камсыздоо жана өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки билим берүү тармактарын, анын ичинде менчик тармактарды өнүктүрүү.
Балдардын коопсуздугун, өзгөчө алардын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптарында укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу иши Өкмөт үчүн маанилүү болуусу керек. Коомдо социалдык жат адамдардын пайда болушун алдын алуу үчүн аларды өз убагында аныктоо жана эрте кийлигишүү социалдык коштоонун натыйжалуу чараларынан болууга тийиш.
Балдардын жакырчылыгынын курчтугун жана тереңдигин төмөндөтүү боюнча чаралар сунушталат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жөлөк пулдарынын белгиленген өлчөмдөрүн жыл сайын жогорулатуу пландаштырылууда.
Алтынчы - тандалып алынган өнүгүү борборлорунун базасында билим берүү жана медициналык комплекстерди түзүү колдоого алынат. "Билим берүү жана медициналык шаарчаларды" куруу мүмкүнчүлүгүн кароо максатка ылайыктуу. Шаарларда - региондук өнүгүү борборлорунда окуу жана медициналык мекемелердин курулушуна ар кандай жекече инвестицияларга көмөк көрсөтүлөт, анын ичинде МЖИ механизмдерин жана кошо финансылоону пайдалануу менен колдоого алынат. Өкмөт салык жеңилдиктерин кароого жана киргизүүгө, бийликтин жергиликтүү органдары менен бирге жер участокторун бөлүүгө даяр.
Жетинчи - мугалимдерди жана дарыгерлерди мотивациялоо/өбөлгөлөө, алардын статусун жогорулатуу. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша эмгек акы мугалимдердин жана дарыгерлердин дурус жашоосуна жетиштүү болушу керек. Мугалимдер жана врачтар үчүн "Арзан турак жай" программасын, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча программаны ишке ашыруу улантылат. Окуу жайларында жана медициналык мекемелерде өз милдеттерин сапаттуу аткарууга жардам берген материалдык-техникалык жабдуулар камсыз кылынып, шарттар түзүлөт.
Сегизинчи - билим берүүдөгү каржылоонун принциптери киши башына карата каржылоо негизине которулушу зарыл, мында ар бир окуучуга арналган каражаттар толук көлөмдө мектепке чейин жана баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн ар бир уюмуна жетиши керек. Билим берүү кызматтарын каржылоо стандарттары кесиптик билим берүү чөйрөсүнө жайылтылууга тийиш.
Билим берүүдө каржылоо системасын өзгөртүү билим берүүнү башкаруу системасын өзгөртүү менен коштолушу керек. Билим берүүнү башкаруу системасында фрагменттүүлүктү жана ар бөлөктүктү жоюу зарыл.
Окуу жайларынын ортосундагы атаандаштыкты жогорулатуу жана билим берүү сапатын арттыруу үчүн мамлекеттик заказ системасын өзгөртүү зарыл. Артыкчылыктуу адистиктерге бөлүнүүчү каражаттар ЖОЖдорду өз алдынча тандай ала турган кыйла таланттуу жана мотивацияланган абитуриенттерге бөлүнүп берилет.
Тогузунчу - медицинага жана билим берүүгө жеке инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишке киргизилет жана бир катар кызматтар рынокко аутсорсингге өткөрүп берилет. Ошону менен бирге, мамлекет тарабынан жеке мекемелер көрсөткөн кызматтардын сапатын жана толуктугун контролдоо камсыз кылынат.
Саламаттык сактоодо инфраструктуралык ыкмадан медициналык кызматкерлер көрсөткөн кызматтарды лицензиялоого өтүү зарыл, бул адистерди лицензиялоо жол-жоболорун көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына жана коопсуздугуна багыттоого жардам берет.
Онунчу - мамлекеттик тилди чыңдоо жана жаш муундарды өнүктүрүүнүн бардык этаптарында билим берүү программаларында көп тилдүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик билим берүү программасын ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп калат. Өкмөт өлкөбүздө билим берүү системасын өнүктүрүүнүн алдыдагы келечеги үчүн негиз түзөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын жана балдардын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлүүгө тийиш.
Он биринчи - толук жарамдуу инсанды жана жаранды калыптандыруу. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде патриоттукка тарбиялоо, жаштардын өз жөндөмдөрүн, анын ичинде спорт, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук активдүүлүктөрү аркылуу ишке ашырууга көмөктөшүү программалары ишке ашырылат. Коомдо жаңы социомаданий стандарттарды жана сергек турмуш үлгүлөрүн, креативдүүлүк жана Турмушта өз ордун табуусун калыптандыруу зарыл, ошондой эле өлкөнүн келечегине багытталган адептик негиздерди жана моралдык принциптерди сыйлоо жана бекемдөө керек.
Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгү сакталууга жана көбөйтүлүүгө тийиш. Балет искусствосунун салттарын өнүктүрүп, кыргыз кинематографиясынын данкын кайрадан жаратуу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакында кабыл алынган Маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасына ылайык мамлекеттик заказ боюнча көркөм картиналарды жаратууга көңүл бөлүү зарыл.
5. Коомдук коопсуздук
Мамлекеттин негиз салуучу милдети болуп мамлекеттүүлүктү чыңдоо, мыйзамдуулукту, тартипти, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо эсептелет. Коомдун укук коргоо системасына болгон ишенимин кайрадан калыбына келтирүү зарыл.
Биринчи - аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аранын бузулгустугун камсыздоо.
Чек ара кызматынын потенциалын чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны талаптагыдай каржылоо мурдагыдай эле Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан болуп калат.
Экинчи - жалпысынан укук коргоо системасын реформалоо.
Өкмөт кылмыштуулукка каршы туруучу криминалдык милиция кызматын жана коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту сактоону камсыздоочу коомдук коопсуздук кызматын түзүүнү сунуш кылат.
Ошондой эле ИИМ системасын борборлоштуруу жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн чыңдоо пландалууда. Облустук башкармалыктарда өзгөчө талдоо жана контролдоо функциялары калтырылмакчы.
Патрулдук милициянын ишинде айдоочулук күбөлүктөрдү алып койгон учурлар азайтылып, айдоочулардын айып төлөөсү үчүн төлөө тармактары кеңейтилет, "Коомсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аркылуу ири шаарларда жол кыймылын контролдоонун автоматташтырылган системасын киргизүү камсыз кылынат.
Инспекторлор жолдун конкреттүү участокторуна же кварталдарына туруктуу негизде бекитилет. Аларга жол кырсыктарынын абалы, оперативдүү кырдаал жана өзү тейлеген участоктогу калк менен өз ара аракеттенүү боюнча жеке жоопкерчилик күчөтүлөт.
Үчүнчү - кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттардын негизинде кадрларды санаттуу тандоону камсыздоо.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларын конкурстук негизде тандоонун жол-жоболору киргизилет. Ошону менен бирге кызматкерлердин эмгек акысы жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча адилеттүү шарттар камсыздалышы керек.
Милициянын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн жаны функциялык милдеттерине негизденип, ИИМ системасынын кызматкерлерин даярдоо процессин түп-тамырынан кайрадан карап чыгуу зарыл.
Төртүнчү - укук коргоо органдарынын ортосундагы тергөөгө караштуулугун бөлүштүрүү.
Экономикалык кылмыштуулук менен бир орган иш жүргүзүп калат, ал аталган блок үчүн жоопкерчилик тартат. Коррупциялык багыттагы кылмыштар, ошондой эле баңги кылмыштары жөнүндө маселе каралмакчы.
Бешинчи - кылмыштарды электрондук эсепке алууну колдонууга киргизүү.
Өкмөт укук коргоо органдарынын системасында, анын ичинде прокуратура органдарында кылмыштарды электрондук эсепке алууну, мындайча айтканда - Кылмыштарды электрондук эсепке алуу китебин (КЭК) колдонуу боюнча чараларды ишке ашырууну улантат.
Бул долбоорду ишке ашыруу кылмыштар жана кырсыктар жөнүндө бардык маалыматтарды системага салууга, ошондой эле аларды өз убагында каттоого алууга мүмкүндүк берет. КЭКти колдонууга киргизгенде бир да кылмыш катталбай калбайт.
Алтынчы - экстремизм жана диний радикализм көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү.
Өкмөт ведомстволордун арасындагы өз ара байланышта иштешүүнү, региондук жана эл аралык терроризмге каршы түзүмдөр, терроризмге, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы чара көрүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк боюнча атайын кызматтар менен кызматташтыкты күчөтөт.
Өкмөт жазаларды аткаруу системасында соттолгондорду жазасынын түрүнө жана коомго коркунучтуулук даражасына жараша бөлөк-бөлөк кармоого багытталган иштерди улантат. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жаңы колонияларды курууга кошумча каражат бөлүнөт.
Окуу жайларда жана стратегиялык маанидеги объекттерде терроризмден сактануу боюнча биринчи кезектеги чаралар көрүлөт. Ал үчүн терроризмге каршы паспорт иштелип чыгып, колдонууга киргизилет. Башка мамлекеттик органдарда да ушундай эле паспорттор киргизилет.
2016-жылы Кыргыч Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор киргизилип, ага ылайык терроризмге жана экстремизмге байланышкан кылмыштарды тергөө иши альтернативдүү катары аныкталат, башкача айтканда, мындай түрдөгү кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча функциялар УКМКдан тышкары ички иштер органдарына да тапшырылат.
6. Курчап турган чөйрөнү коргоо
Өкмөт курчап турган чөйрөнү коргоо маселесине кам көрөт жана экологияга зыян келтирүүчү долбоорлордун максатка ылайыктуулугун дыкат карап чыгат.
Биринчи - өндүрүштүк иштен курчап турган чөйрө үчүн коркунучтарды азайтуу. Инвестициялык долбоорлорду дыкат экспертизадан өткөрүү керек. Атап кетсек, жер казынасын пайдаланууда ар бир долбоор берилген жерлерди жана курчап турган чөйрөнү рекультивациялоо боюнча инвесторлордун жетиштүү жана анык милдеттенмелерин кароого тийиш. Жалпысынан экологиялык фактор чечимдерди кабыл алууда эске алынышы жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирилген учурда нарктык баага ээ болушу керек. Ошондой эле экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн экономикалык жактан эсептелген төлөөнү киргизүү үчүн ченемдик актыларды кабыл алуу зарыл.
Экинчи - жаратылыштагы ресурстардын бардык түрүн рационалдуу пайдалануу.
Өлкөбүздүн ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана табигый тазалыгын сактоо боюнча программа иштелип чыгат. Эң негизги ресурс - сууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Өлкөнүн ичинде суу ресурстарын рационалдуу жана этият пайдалануу, ошондой эле биздин коңшуларыбыздан да тиешелүү мамилени талап кылуу өтө маанилүү.
Үчүнчү - энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук, энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу үчүн шарттарды түзүү. Альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүгө бардык инвестициялар үчүн жер участокторун берүү, продукциясын сатып алуу кепилдиктери, туруктуу баа коюу түрүндө преференциялар берилүүгө тийиш.
Төртүнчү - технологиялык базаны модернизациялоого дем берүү. Эски жабдуулардын өндүрүмдүүлүгү төмөн, көп натыйжалуу эмес жана ресурсту көп талап кылат. Ушуга байланыштуу курчап турган чөйрөгө зыяны азыраак болгон технологиялык жактан кыйла заманбап жабдуулардын импорту үчүн өбөлгөлөөчү чаралар көрүлөт.
* * * * *
Өкмөттүн Программасынын алдына реалдуу максаттар коюлууда, аларга жетишүү үчүн мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, коомдук уюмдардын жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү керек болот.
Өкмөт коомдук-саясий туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун үстүндө иштейт, өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот жана Кыргызстандын элинин ишенимине жана биримдигине жетишүүгө умтулат.
Өкмөт өлкөдө сапаттуу өзгөрүүлөргө иш жүзүндө жетишүүнү пландоодо:
- ИДПнын жылдык орточо иш жүзүндөгү өсүүсү - 5-7 пайыздан кем эмес;
- инфляциянын жылдык орточо деңгээли - 6-7 пайыз интервалында;
- ИДПга карата бюджеттин дефицити - 5 пайыздан көп эмес.