Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 457-VI
"Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 20-январындагы № 16 токтому) "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (С.Шер-Нияз) жазуу жүзүндө кабыл алынган жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н .Алимбеков |