Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 1338-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө" № 192-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157-беренесинин негизинде жана парламенттик радионун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө" № 192-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI токтомунун 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы "Парламент" радиосун уктурууну республиканын аймактары боюнча туруктуу жайылтууга талап кылынган финансылык каражаттардын суммасына ылайык РМТР РӨБ менен жыл сайын Келишим түзсүн".
Төрага | Ч. Турсунбеков
|