КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 648-VI
"2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 16-майындагы № 255 токтому) "2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |