Редакцияот 26.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 26-майы № 592-VI

"Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 27-октябрындагы № 745 токтому) "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (С.Шер-Нияз) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков