Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 745
«Паралимпиадалык спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Паралимпиадалык спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) жатыктыруучу дене тарбия жана спорт - таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн алардын дене боюн реабилитациялоо, социалдык жатыктыруу жана интеграциялоонун натыйжалуу каражаттарынын комплексин камтыган дене тарбия жана спорттун бир түрү;
2) таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелбеген адамдардын атайын шарттарды түзбөй туруп жеткен натыйжалары менен өлчөнүүчү дене тарбия жана спорт жагында даярдоодо ийгиликтерге жетүүсүнө тоскоолдук кылган дене бой же интеллект жагынан кемтиги бар адамдар;
3) балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук-жатыктыруу мектеби (БӨСЖМ) – негизги иши таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында алардын дене боюн реабилитациялоо, социалдык жатыктыруу, интеграциялоо жана спорттук натыйжаларын жогорулатуу максатын көздөгөн окуу-машыктыруу жана тарбиялоо процесстерин уюштуруу жана өткөрүү болуп саналган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы уюм;
4) классификатор – паралимпиадачы-спортсмендерди функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражалары боюнча квалификациялоо өз милдетине кирген, спорттук мелдештерди уюштуруучулар тарабынан ыйгарым укуктуу жана тийиштүү документтер менен ырасталган атайын даярдыктан өткөн адам;
5) классификациялоо – классификатор же классификаторлордун тобу тарабынан паралимпиадачы-спортсмендерге мелдешүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында алардын классификациялык категорияларын аныктоо процесси;
6) Эл аралык паралимпиадалык комитет – жайкы жана кышкы Паралимпиадалык оюндарды уюштуруучу жана таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында дүйнөлүк чемпионаттарды жана башка расмий эл аралык мелдештерди уюштурууну жана өткөрүүнү координациялоочу паралимпиадалык кыймылды башкарган эл аралык спорттук уюм;
7) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалар – Паралимпиадалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге даярдануу жана аларда Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу үчүн түзүлгөн паралимпиадачы-спортсмендердин, машыктыруучулардын, лидер-машыктыруучулардын, лидер спортсмендердин, окумуштуулардын, спорттук медицина жагындагы адистердин, спорт жаатындагы башка адистердин, расмий спорттук коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жамааты;
8) Паралимпиадалык оюндар – Эл аралык паралимпиадалык комитет тааныган коомдук уюмдар чыгаруучу, таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендердин жогорку эл аралык спорттук форуму;
9) паралимпиадалык спорт (пара-спорт) – таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды спорттук мелдештерге даярдоонун жана аларга дене бойду реабилитациялоо, социалдык жатыктыруу жана интеграциялоо, сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу жана спорттук ийгиликтерге жетишүүнүн атайын теориясы жана практикасы формасында калыптанган спорттун курамдык бөлүгү;
10) спорттун паралимпиадалык түрлөрү – дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасындагы спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын Улуттук реестрине киргизилген таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында таркаган спорттун түрү;
11) жогорку жетишкендиктердин паралимпиадалык спорту – паралимпиадачы-спортсмендердин эл аралык деңгээлдеги натыйжаларга жетүүгө, улуттук, континенттик жана дүйнөлүк спорттук рекорддорду коюуга багытталган паралимпиадалык спорттун курамдык бөлүгү;
12) паралимпиадалык кыймыл – социалдык кыймылдын формасы, анын максаты таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене боюн реабилитациялоонун, социалдык жатыктыруунун жана интеграциялоонун, алардын дене бой жана руханий жактан өркүндөтүлүшүнө жетишүүнүн, эл аралык спорттук мелдештерди чыңдоонун негизги каражаттарынын бири болгон паралимпиадалык спортту өнүктүрүү болуп саналат;
13) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерация – бул коомдук бирикме, анын максаты таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттун бир же бир нече түрлөрүн өнүктүрүү, эл аралык спорттук мелдештерге катышуу үчүн спорттун тийиштүү паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды даярдоо болуп саналат;
14) паралимпиадачы-спортсмен – паралимпиадалык спорттун негизги субъекти, дене бойду тереңдетип реабилитациялоо, социалдык жатыктыруу, интеграциялоо жана спорттук натыйжаларга жетишүү максатында спорттук мелдештерде чыккан, спорттун тандалган түрү менен туруктуу машыккан таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам;
15) паралимпиадалык спорт боюнча калыс – калыстык квалификациясы бар жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүдө тийиштүү эрежелерди жана шарттарды сактоону камсыз кылууга чакырылган адам;
16) лидер-машыктыруучу – машыктыруучу менен бирге азиз паралимпиадачы-спортсмендерге окуу-машыгуу сабактарын өтүүчү, азиз паралимпиадачы-спортсмендерге лидерлик кылуу катарында мелдештерге катышкан машыктыруучу;
17) лидер-спортсмен – окуу-машыгуу сабактарын өтүүгө жана азиз паралимпиадачы-спортсмендерге лидерлик кылуу катарында мелдештерге катышкан спортсмен.
2-берене. Паралимпиадалык спорттун негизги принциптери
Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорттун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүнүн гуманисттик мүнөзү, жалпы эле спортту өнүктүрүү шарттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө карата аны өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катышуусу жана машыгуусу үчүн спорттук курулуштардын жеткиликтүүлүгү;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, спорттук уюмдардын, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
4) окуу-машыгуу сабактарына, спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларына катышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу;
5) паралимпиадалык кыймыл жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин урматтоо жана сактоо;
6) паралимпиадалык спортту камсыз кылуунун эң мыкты эл аралык стандарттарына жана ченемдерине багыт алуу;
7) паралимпиадалык спорттун таламдарын козгогон чечимдерди иштеп чыгууга милдеттүү түрдө тартуу менен спорт жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын паралимпиадалык спорт жаатындагы коомдук спорттук уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү.
2-глава. Паралимпиадалык спортту колдоо
3-берене. Паралимпиадалык спортту мамлекеттик колдоо
1. Паралимпиадалык спорт жана олимпиадалык спорт тең укуктуу болуп саналат.
2. Паралимпиадалык спортту мамлекеттик колдоо төмөнкү формада мамлекеттик бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын курама командаларынын Паралимпиадалык оюндарга, Азиялык Пара оюндарга, Азия чемпионаттарына, Дүйнө чемпионаттарына жана башка эл аралык спорттук мелдештерге, ошондой эле республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календарлык планына киргизилген спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча башка улуттук спорттук мелдештерге даярдалышы жана катышуусу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
2) паралимпиадалык спорт жаатында адистерди, анын ичинде медициналык классификаторлорду кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
3) таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сабактарга жана спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катышуусун камсыз кылуучу спорттук объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоп-түздөөнү уюштуруу;
4) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча өлкөнүн курама командаларын финансылык, материалдык-техникалык, илимий-методикалык, медициналык-биологиялык, медициналык, допингге каршы жана маалыматтык-пропагандалык жактан камсыз кылууну уюштуруу;
5) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ар жылдык чемпионаттарын өткөрүүнү, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спартакиадаларды төрт жылда бир жолу өткөрүүнү уюштуруу;
6) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн демөөрчүлүктү, меценаттыкты жана кайрымдуулукту кубаттоо;
7) дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы продукцияларды чыгарган ата мекендик спорттук өнөр жайды колдоо;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын паралимпиадалык спорт менен акысыз машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
9) паралимпиадалык спортту өнүктүрүү боюнча ишке таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартуу.
4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоосу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоо формаларына төмөнкүлөр кирет:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын аларга тоскоолсуз жетүү талаптарын эске алуу менен спорттук объекттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түздөө;
2) муниципалдык менчикте турган спорттук объекттерди күтүү жана тикелей максаты боюнча пайдалануу, аларды электр, жылуулук жана суу менен жабдууну камсыз кылуу;
3) таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын паралимпиадалык спорт менен акысыз машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
4) тийиштүү аймакта спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чаралардын календарлык пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу;
5) региондук курама командаларды түзүү жана паралимпиадалык спорт боюнча региондук жана башка мелдештерге алардын катышуусун камсыз кылуу;
6) паралимпиадалык спорт менен машыккандарды медициналык контролго алууну уюштуруу, ошондой эле тийиштүү аймакта өткөрүлгөн спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылуу;
7) балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук-жатыктыруу мектептерин, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спорттук клубдарын, башка адистештирилген дене тарбия-спорттук мекемелерди жана уюмдарды түзүү;
8) таяныч-кыймылдоо аппараты, көрүүсү, интеллекти бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн парктарда, токойлуу сейил бактарында, кичи турак райондордо, жатаканаларда, короолордо, шаар четиндеги эс алуу базаларында жана алар жашаган жана эс алган башка жерлерде спорттун паралимпиадалык түрлөрү менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен жеке материалдык ресурстары жана финансылык каражаттары бар болсо паралимпиадалык спортко колдоо көрсөтүүгө укуктуу.
3-глава. Паралимпиадалык спортту жана жатыктыруучу дене тарбияны өнүктүргөн уюмдар
5-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерациялар
Кыргыз Республикасында спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерацияларды расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тааныйт.
6-берене. Паралимпиадалык спортту өнүктүргөн уюмдар
Кыргыз Республикасында балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук-жатыктыруу мектептери, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн мектептери, паралимпиадалык даярдыктын борборлору, атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарындагы спорттук класстар, ошондой эле балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептериндеги, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубдарындагы, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн мектептериндеги, жогорку спорттук чеберчиликтин мектептериндеги, спорттук даярдоо борборлорундагы, башка адистештирилген спорттук уюмдардагы бөлүмдөрү жана тайпалары түзүлөт жана иштейт.
7-берене. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдары
1. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында окуп жаткандар (тарбиялануучулар) үчүн дене тарбия-спорттук клубдар, спорттук класстар, ошондой эле спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук топтор түзүлөт.
2. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында жатыктыруучу дене тарбия жана спорт боюнча инструктор-методисттин, жатыктыруучу дене тарбия жана спорт боюнча машыктыруучу-окутуучунун, дене тарбия жана спорт боюнча башка адистердин кызмат орундары киргизилет.
3. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарынын окуучулары республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат.
4-глава. Паралимпиадалык спорттун уюштуруу-ченемдик негиздери жана алардын өзгөчөлүктөрү
8-берене. Спортсмендерди алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражалары боюнча классификациялоо
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерде бирдей атаандашуу шарттарын түзүү максатында алардын уюштуруучулары ал мелдештерге катышууга арыз берген паралимпиадачы-спортсмендердин функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча аларды классификациялоону камсыз кылат.
2. Мелдештерге катышууга арыз берген спортсмендерди алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоонун тартиби, жол-жобосу жана шарттары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелеринде камтылган. Классификациялоонун аталган тартиби, жол-жобосу жана шарттары Эл аралык паралимпиадалык комитет же буга анын ыйгарым укуктуу структуралары же тийиштүү эл аралык спорттук федерациялар кабыл алган классификациялоонун тийиштүү тартибинен, жол-жобосунан жана шарттарынан олуттуу айырмаланбайт.
3. Спорттун ар бир паралимпиадалык түрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортсмендердин класстарынын саны спорттун ошол түрү боюнча ыйгарым укуктуу комиссия жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү федерация тарабынан аныкталат.
4. Эгерде мелдештердин эрежелеринде башкача аныкталбаса, анда спортсмен майыптык даражасы аз болгон катышуучулар менен бир класста спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге чыга алат. Мындай учурларда спортсмен ошол мелдештин ичинде ошол класста калууга тийиш.
5. Спортсмендердин классификациясын белгилеген спорттун түрлөрү боюнча классификациялык комиссия кеминде үч, анын ичинде медицина жана спорт жаатындагы адистен турууга тийиш. Классификациялык комиссиянын чечими коллегиялык мүнөздө болууга тийиш. Классификациялык комиссиянын ишинде жекече чечимдерди кабыл алууга жол берилбейт.
6. Эл аралык мелдештерге баруучу спортсмендер Кыргыз Республикасынан чыкканга чейин классификацияланууга тийиш.
9-берене. Спорттун ар бир паралимпиадалык түрү боюнча спорттук наамдар жана разряддар
Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук ардактуу наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планынын курамдык бөлүгү болуп саналат, расмий спорттук мелдештердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук паралимпиадалык курама командаларын эл аралык спорттук мелдештерге даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин аныктайт.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планы спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча федерациялар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар белгилеген ченемдерди аткарган жана тандоодон өткөн бардык паралимпиадачы-спортсмендер тийиштүү ченемдерди аткарган жана тандоодон өткөн спорттук иш-чаралардын календарлык планына киргизилген расмий спорттук мелдештерге катышууга бирдей укукка ээ.
11-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерди уюштуруу
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий улуттук мелдештер өзүнчө көз карандысыз иш-чара катары уюштурулууга жана уюштуруучулук, социалдык-тиричиликтик, эстетикалык жана рухий-адептик жогорку талаптарга жооп берүүгө тийиш.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо жана спорттук натыйжаларды белгилөөнү спорт боюнча калыс жүргүзөт.
3. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий мелдештерге калыстык кылууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча уюмдарда атайын даярдыктан жана кайра даярдоодон өткөн спорт боюнча калыстарга уруксат берилет.
4. Эгерде спорттук команданын катышуусу мелдештер жөнүндө тийиштүү жободо каралган спорттук уюм бул спорттук мелдештерге катышпаса, анда ошол спорттук уюмга таандык спортсмен, эгерде бул команданын макулдугу болсо, ага катышкан каалаган башка спорттук уюмдун курамында аталган мелдештерге катышууга укуктуу.
12-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окуу-машыгуу программалары
1. Спорттун ар кандай паралимпиадалык түрлөрү боюнча спортсмендерди даярдоо спорттун паралимпиадалык ар кандай түрлөрү боюнча окуу-машыгуу программаларына ылайык дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында жүргүзүлөт.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыгуу программалары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар тарабынан иштелип чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыгуу программалары окуу-машыгуу процессин жүргүзгөн спорттук уюмдардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыгат жана атайын илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы спорттук практиканын натыйжаларына негизделет.
4. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук-жатыктыруучу мектептеринде, башка аталыштагы спорттук мектептерде, спорттук клубдарда, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен окуу-машыгуу процессин жүргүзгөн башка спорттук уюмдарда окуу-машыгуу ишин уюштуруу тийиштүү окуу-машыгуу программаларысыз жол берилбейт.
5-глава. Паралимпиадалык спорт жаатындагы социалдык кепилдиктер жана финансылык камсыз кылуу
13-берене. Социалдык кепилдиктер
1. Мамлекет паралимпиадалык спортто жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөн жарандарга төмөнкүлөр аркылуу кепилденген көмөк көрсөтөт:
1) аларга Паралимпиадалык оюндарды кошо алганда эл аралык спорттук мелдештерге улуттук курама команда үчүн чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрүнө атайын мамлекеттик стипендияларды белгилөө;
3) Паралимпиялык оюндарга, Азия пара оюндарына катышуунун жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктарды берүү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке каражаттарынын эсебинен эң көрүнүктүү паралимпиадачы-спортсмендерге жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды белгилейт жана турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртат.
14-берене. Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу
Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджетте дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө каралган каражаттардын кеминде 3 пайызын паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө бөлүү;
2) паралимпиадалык спорт уюмдарын спорттук шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылуу;
3) паралимпиадалык спортту өнүктүрүү программаларын каржылоо;
4) спорттук-массалык иш-чараларды каржылоо;
5) паралимпиадалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
6) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу;
7) жергиликтүү балдар-өспүрүмдөр спорттук-жатыктыруучу мектептерди, спорттук мектептерде жана башка спорттук багыттагы мекемелерде спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча бөлүмдөрдү жана топторду, ошондой эле атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында спорттук класстарды спорттук шаймандар жана жабдуулар, спорттук экипировка менен камсыз кылуу.
6-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттарында паралимпиадалык спортту пропагандалоо
15-берене. Паралимпиадалык спортту пропагандалоого аткаруу бийлик органдарынын, дене тарбия-спорттук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу
1. Дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы аткаруу бийлик органдары, паралимпиадалык спорт жаатындагы спорттук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары дене тарбия-спорттук реабилитациялоонун, социалдык жатыктыруунун жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турмушка аралаштыруунун маанилүү каражаты катары анын өзгөчөлүгүн жана социалдык маанисин эске алуу менен паралимпиадалык спортту пропагандалоонун багыттарын, формаларын жана ыкмаларын аныктайт.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде телеберүү компаниялары жана радиокомпаниялар, газеталар, журналдар, башка мезгилдүү басылмалар паралимпиадалык спорт жаатында актуалдуу материалдарды туруктуу берип, чагылдырып жана жарыялап турууну уюштурат, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарда дене тарбия көнүгүүлөрү, паралимпиадалык спорт, сергек жашоо ыңгайы менен иш жүргүзүү муктаждыгын калыптандырат.
16-берене. Зомбулукту пропагандалоого тыюу салуу
Аёосуз мамилени жана зомбулукту пропагандалоого, адамдын кадыр-баркын басмырлоого, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү тыюу салынган стимуляторлорду пайдаланууга тыюу салынат.
7-глава. Корутунду жоболор
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти