Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 598-VI
"Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 20-январындагы № 16 токтому) "Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |