Редакцияот 11.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-июну № 4134-V

«Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2009-жылдын 19-октябрындагы № 661 токтому) «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В. Никитенко) үчүнчү окууда кароо үчүн Мыйзамдын долбоорунун акыркы текстин даярдасын.

 

 

 

  Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров