КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-марты № 1060-IV
2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги
Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын
фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия
түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - депутаттык комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Ч.Г.Абдуллаева;
Х.З.Коркмазов;
Г.А.Куликова;
Д.Ш.Кыдыров;
А.А.Сабиров;
Р.Б.Тагаев;
А.А.Турсунбаев.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Б.Тагаев депутаттык комиссиянын төрагалыгына шайлансын.
3. Депутаттык комиссия иштин жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-майына чейин маалымдасын.
Төрага | А.Тагаев
|