ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 19-мартындагы № 1060-IV «2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому

Редакция19.03.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-марты № 1060-IV

2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги

Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын

фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия

түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - депутаттык комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:

Ч.Г.Абдуллаева;

Х.З.Коркмазов;

Г.А.Куликова;

Д.Ш.Кыдыров;

А.А.Сабиров;

Р.Б.Тагаев;

А.А.Турсунбаев.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Б.Тагаев депутаттык комиссиянын төрагалыгына шайлансын.

3. Депутаттык комиссия иштин жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-майына чейин маалымдасын.

 

Төрага

А.Тагаев