Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июну № 4181-V
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- программалык бюджеттештирүү принциптеринде каржылоого өткөн министрликтер жана ведомстволор тарабынан каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча аудиттерди жүргүзсүн;
- аудиттин эл аралык стандарттарынын иштерин практикага киргизүү процессин улантсын;
- бюджеттик каражаттардын толук кайтарылуусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашууларды даярдоо боюнча иштерди аяктасын;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишине баа берүү үчүн критерийлерди аныктоо маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушунун жол картасын (долбоор) натыйжалуу жүзөгө ашырууга талдоо жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Жогорку Кеңештин кароосуна берилүүчү ар жылдык отчетуна аудиттердин жыйынтыктары боюнча министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлгөн Эсептөө палатасынын эскертмелерин аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты киргизсин;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жоюлган Мамлекеттик дирекциянын финансылык-чарбалык ишине Эсептөө палатасынын аудитин өз учурунда аяктоо үчүн бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзам актыларынын талаптарына ылайык аталган мекеменин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|