ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4181-V «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу» токтому

Редакция18.06.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 18-июну № 4181-V

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:

- программалык бюджеттештирүү принциптеринде каржылоого өткөн министрликтер жана ведомстволор тарабынан каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча аудиттерди жүргүзсүн;

- аудиттин эл аралык стандарттарынын иштерин практикага киргизүү процессин улантсын;

- бюджеттик каражаттардын толук кайтарылуусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашууларды даярдоо боюнча иштерди аяктасын;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишине баа берүү үчүн критерийлерди аныктоо маселесин карасын;

- Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушунун жол картасын (долбоор) натыйжалуу жүзөгө ашырууга талдоо жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Жогорку Кеңештин кароосуна берилүүчү ар жылдык отчетуна аудиттердин жыйынтыктары боюнча министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлгөн Эсептөө палатасынын эскертмелерин аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты киргизсин;

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жоюлган Мамлекеттик дирекциянын финансылык-чарбалык ишине Эсептөө палатасынын аудитин өз учурунда аяктоо үчүн бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзам актыларынын талаптарына ылайык аталган мекеменин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков