Редакцияот 19.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 19-июну № 4206-V

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары (А.К.Келдибеков, Э.Б.Жумалиева, А.Ш.Жээнбеков, К.С.Самаков, Т.Т.Туманов, Б.Э.Төрөбаев, Т.А.Салимов, А.М.Режавалиев, У.А.Аманбаева, М.И.Бакиров, Б.А.Маматов, М.Б.Тиленчиева, А.Ж.Эшимов, К.С.Дыйканбаев, З.С.Жоошбеков) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 токтому) Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорунун бириктирилген редакция биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусунда белгиленген Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорунун айрым беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кез-карашын кошуп, жазуу жүзүндө 2014-жылдын 1-ноябрына карата жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (К.С.Дыйканбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров