Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-июну № 4208-V
2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө
2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын жана 2016-2017-жылдарга божомолун аныктаган 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы жөнүндө, жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Бюджетинин орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри О.В.Лаврованын маалыматы эске алынсын.
2. 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2016-2017-жылдарга божомолу жактырылсын (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясында жана 2016-2017-жылдарга божомолунда белгиленген негизги артыкчылыктарга жана багыттарга ылайык "2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоону камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4208-V токтомуна тиркеме |
2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген артыкчылыктарга, ошондой эле башка стратегиялык жана тармактык программаларга ылайык орто мөөнөттүк мезгилдеги мамлекеттик бюджеттик саясаттын негизги багыттары белгиленген.
Бюджеттик саясат республиканын жарандарынын турмуш шартын жакшыртууга, социалдык көйгөйлөрдү даректүү чечүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштырууга багытталууга тийиш.
Узак мөөнөттүү келечекте бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулатуунун эсебинен билим берүүгө, илимге жана инфратүзүмдөргө чыгымдардын үлүшү жогорулоого, социалдык тармактардын иши сапаттуу жакшыртылууга жана ишкердик иш стимулдаштырылууга тийиш.
2015-2017-жылдарга өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги артыкчылыктары ошол жылдарга өлкөнүн бюджетинин орто мөөнөттүү божомолунун параметрлерине, ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык ушул Бюджеттик резолюцияда белгиленилет, алар:
1. Бюджеттик жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү.
2. Мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу менен кирешелерди шайкеш келтирүү.
3. Жергиликтүү бюджеттерди финансылык жактан борбордон ажыратууну камсыз кылуу.
2015-2017-жылдарда төмөндөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү камсыз кылынууга тийиш:
| 2015 божомол | 2016 божомол | 2017 божомол |
Номиналдуу ИДП, млрд. сом | 442,7 | 506,5 | 579,8 |
ИДПнын чыныгы өсүү темпи, % | 6,0 | 6,8 | 6,9 |
ИДПнын чыныгы өсүү темпи (Кумтөрдү эске албаганда), % | 6,4 | 7,1 | 7,2 |
Инфляция, % | 9,8 | 8,3 | 8,2 |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзамдын долбоорун түзгөн учурда төмөндөгү бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын негиз катары кабыл алууну сунуш кылат.
1. Өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи бюджеттик жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жолу менен жүзөгө ашырылууга тийиш:
республикада бизнес чөйрөсүн стимулдаштырууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшкөн ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көмөктөшкөн ырааттуу жана максатка багытталган мамлекеттик саясатты камсыз кылуу;
тоо кен өнөр жайын, энергетиканы, туризмди, айыл чарбасын, транспортту, финансы секторун, ошондой эле жаңы жана экологиялык багытталган технологиялардын негизинде бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго кыйла жагымдуу шарттарды түзүү;
кирешелик дараметин жогорулатуу үчүн бардык мамлекеттик активдерди толук масштабдуу инвентаризациядан өткөрүү менен мамлекеттик менчикти башкаруунун сапатын жакшыртууга майнаптуу тутумун түзүү;
экономика тармактарында инвестициялардын келүүсү жана акыйкат атаандаштык үчүн шарттарды түзүү, бул жерде атаандаштык мамлекеттик - жеке өнөктөштүктүн механизмдерин колдонууну кошуп алганда бизнес чөйрөсүндөгү инвестициялык, ишкердик жана инновациялык иштерди активдештирүүгө көмөктөшмөк;
пенсия менен камсыз кылуу тууралуу жоболорду караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын милдеттүү аткарууда аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин пенсияларынын бирдей өлчөмдөрүн аныктоо жол-жоболорун жөнгө салуу;
аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгекке акы төлөөсүнүн бирдей деңгээлин белгилөө;
мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны каржылоону көбөйтүү;
мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшкөн чек арага чектеш аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инженердик жабдууларды модернизациялоо үчүн чараларды иштеп чыгуу;
иштеринин мүнөзүнө жараша алардын бюджетин дифференциялоо аркылуу түзүү үчүн зарыл болгон негизги параметрлерди, индикаторлорду жана башка көрсөткүчтөрдү белгилөө боюнча ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу менен бардык мамлекеттик мекемелерди программалык бюджеттөө жол-жоболоруна толук өтүүнү камсыз кылуу.
2. Мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу менен төмөндөгүлөр аркылуу кирешелерди шайкеш келтирүү:
каржылоонун тышкы булактарын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу;
алтынды жана башка пайдалуу кендерди чалгындоо, казып алуу, жаңы газ жана мунай кендерин өздөштүрүү жана чалгындоо боюнча ири инвестициялык долбоорлорду киргизүү;
ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрдү каржылоону төмөнкүдөй максаттарда:
- калкты көмүр менен толук камсыз кылуу;
- наркынын деңгээлинин төмөндөшүн эске алуу менен керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен сапаттуу тейлөө үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдеринин үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылуу;
- чек арага чектеш, алыскы жана бийик тоолуу райондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мектепте окутуунун адам башына каржылоого өтүүсүн камсыз кылуу;
- мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу;
- студенттерди стипендия менен камсыз кылуу системасын оптималдаштыруу;
- мектепке чейинки жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасындагы спорттук курулмалардын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу;
төмөндөгүлөрдү тездетүү:
- "Жерүй", "Андаш", "Талды-Булак сол жээк", "Иштамберди", "Бозымчак" жана башка кен чыккан жерлерден алтын алууну өздөштүрүү процессин;
- "Датка-Кемин" ЛЭП 500 кВ жана "Кемин" ПС курулушун аяктоо;
- "CASA-1000" долбоорун жүзөгө ашырууну ишке ашыруу.
3. Жергиликтүү бюджеттерди финансылык жактан борбордон ажыратууну камсыз кылуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш:
- жергиликтүү бюджеттердин финансылык өз алдынчалыгын өркүндөтүү реформаларды жүргүзүүгө, алардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тутумун киргизүү;
- аз камсыз кылынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ирилештирүүнү караштырып, жергиликтүү бюджеттердин дотациялуулугун этап менен төмөндөтүү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу;
- аймактык бюджеттердин финансылык туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнүн санын чектөө;
- реалдуу сектордун өнүгүүсүн стимулдаштырууга жана региондордо инновациялык келечектүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган чаралардын системасын иштеп чыгуу.
Ушул Бюджеттик резолюция мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдоштуктун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен алдыдагы мезгилде республикалык бюджетти түзүүдө негизги багыт болууга тийиш.