ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 1098-IV «Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция09.04.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-апрели № 1098-IV

"Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жөнгө

салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 28-ноябрындагы № 654 токтом) "Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Тагаев