КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4230-V
"2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-июнундагы № 325 токтому) "2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|