Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 325
“Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашуу (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|